ИИМдин Россиядагы өкүлү алмашып, кызматка 40 жаштагы полковник келди

© Фото / Зульфия ТургуноваПредставитель МВД КР в России, полковник Нурлан Жанбаев
Представитель МВД КР в России, полковник Нурлан Жанбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министрликтин Россиядагы өкүлү болуп Раим Салимов иштеп жаткан. Анын эмне себептен кызматтан бошотулганы айтылган жок.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп Нурлан Жанбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы тастыктады.

Бишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: ИИМ иштөө стилин өзгөртүп, элдин ишеними жогорулады
Буга чейин министрликтин Россиядагы өкүлү болуп Раим Салимов иштеп жаткан. Анын эмне себептен кызматтан бошотулганы айтылган жок.

Жаңы өкүл Нурлан Жанбаев 40 жашта, милициянын полковниги наамы бар. Буга чейин Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ош ИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле Чүй облусундагы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0