"Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты мандатын тапшырды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Руслан Чойбеков "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен 2018-жылдын апрель айында депутаттык мандат алган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Депутат Исхак Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Исхак Масалиев парламенттен кетерин жар салды
Маалыматка ылайык, эртең, 9-июнда, БШКда анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралат.

Руслан Чойбеков "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен 2018-жылдын апрель айында мандат алган. Ал Алматыда контрабанда иштери боюнча соттолгон Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген болчу.

Жакында эле "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0