Анын алдында милдеттүү элек. Баатырбеков мандатын тапшырган себебин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Кыргызстандан" үч депутат парламенттен кеткен. Эми фракция лидери да мандатын тапшырып берүүнү чечкендигин билдирди.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жетекчиси Алмазбек Баатырбеков мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырууну чечкен. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын кабарчысына өзү айтып берди.

Анын айтканына караганда, Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырган.

Фракция жетекчиси парламенттен кетишине эки себеп бар экендигин айтты. Биринчиси — кийинки шайлоого даярдануу.

"Аны менен катар эле биздин партиядан Бейшенаалы Нурдинов аттуу талапкер бар. Ал 2015-жылы Бишкектен эң көп добуш топтогон. Партиянын жана анын ичинде менин да ал кишинин алдында мандат берүү милдетим бар", — деп түшүндүрдү Баатырбеков.

Буга кошумча "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары шайлоого даярданыш үчүн парламенттен кеткенин айтты.

"Алар аймактарга барып иштөө ниетин билдиришти. Парламенттин иши алардын жоктугунан токтоп калбашы үчүн мандаттарынан баш тартты", — деди депутат.

Буга чейин депутаттар Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев ЖКдан кеткен. Мандатын тапшыргандардын катарын Руслан Чойбеков да толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0