Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

Улуттук музейдин иши: Сапар Исаковду сот 18 жылга кести

369
(жаңыланган 16:58 09.06.2020)
Соттун чечиминде Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллиондон ашык акчаны төлөшү керектиги да айтылды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.  

Биринчи май райондук соту мурунку өкмөт башчынын бул аракеттеринен мамлекетке 247 миллиондон ашык сом чыгым келтирген деген чечим менен аталган сумманы төлөөгө милдеттендирди. 

Исаковго күнөө  Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен тагылды. 
Ал эми ушул эле музей иши боюнча президенттик аппараттын ошол кездеги Жарандык өнүгүү, дин жана этникалык саясат боюнча бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеваны сот 260 миң сом төлөөгө милдеттендирди. Ага Кылмыш кодексинин 32-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”) негизинде кине тагылды.

Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган. Сот ал өкүмдөн тышкары мүлкүн конфискациялоо, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен ажыратуу чечимин чыгарган.

369
Белгилер:
коррупция, сот, Сапар Исаков, Кыргызстан
Тема:
Сапар Исаковдун камалышы (42)
Тема боюнча
Атамбаевдин Сапар Исаков баш болгон тарапташтарынан коронавируска тест алынды
Сапар Исаков Тарых музейи боюнча соттук ишке катышуудан баш тартты
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

154
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

154
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди

Кыргызстан элине ыраазымын. Рахмондун оппозициясы менен Бишкекте элдешкен видеосу

1437
(жаңыланган 23:07 14.05.2021)
Мындан 24 жыл мурун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури Бишкек шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандык согушту токтотуу боюнча документтерге кол коюлган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы тарыхый күндө тажик президенти Эмомали Рахмондун сүйлөгөн сөзүнүн толук видеосун сунуштайт.

Коңшу мамлекеттин президенти Рахмон жана Бириккен тажик оппозициянын лидери Саид Абдулло Нури өз командасы менен Бишкек шаарына 1997-жылдын 13-майында келген. Беш жылдан бери бийлик талашып согушуп 100 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылып, бир миллиондон ашык кишини качырган жарандык согушту токтотууга Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаев, кыргыз аскер чалгынчылар, дипломаттар, саясатчылар жана тынчтык орнотуучу батальон ортомчу болуп, тажикстандыктардын элдешүүсүнө көмөктөшкөн.

Сүйлөшүүлөр 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында башталып, үч күнгө созулган. Кыргызстандын борборунда Бишкек меморандумуна жана "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол коюлган. Анда тажик президенти Рахмон кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктардын Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы ордун баса белгилеген.

"Мен баарынан мурда Аскар Акаевич жеке өзүңүзгө чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет жана сиз аркылуу боордош Кыргызстандын элине бүгүнкүдөй биздин жолугушууну меймандос Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык айтам. Биздин эки эл чек ара менен гана байланышпастан, жүздөгөн жылдардан бери тарыхый, маданий, руханий жактан байланышып келген. Мүмкүн ушундан улам Кыргызстандын жетекчилиги 1992-жылы эле биздин көйгөйдүн саясий жактан чечилишине кызыкдар экендигин көрсөткөндүр. Биринчилерден болуп Тажикстанга өзүнүн тынчтыкты орнотуучу делегациясын жиберген. Кыргыз бийлиги дайыма тажик бийлигинин көйгөйлөрүнө сабырдуулук менен, изги ою менен мамиле жасап келгенин баса белгилеп айткым келет. Бүгүн жалпы күчтүү эркибиздин, Кыргыз Республикасынын президенти, менин бир тууганым Аскар Акаевичтин жигердүү көмөктөшүүсү, Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык катчысынын атайын өкүлү мырза Меремдин ортомчулугунун аркасында биз Бишкек меморандумуна, "Саясий маселелер боюнча" протоколуна кол койдук", — деген Рахмон.

Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев биздин редакцияга берген маегинде, ал процесстер кыйынчылык менен өтүп, Рахмон Нури экөө бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышканын эскерген.

"Адегенде эле эки тарап бир имаратта отургусу келбеди. Чыгыш салты боюнча коноктор менен үйдүн ээси бир дасторконго чогуу отуруп тамак ичкенден тарта элдешүү процесси башталат деп үч саат бою аларды көндүрдүм. Акырында эки жак тең макул болуп, түн ичинде баарын дасторконго отургузуп, бир нанды өзүм сындырып тамак ичтик. Айта кетчү жагдай, бул сүйлөшүүгө тажик калкынын атактуу акыны Гулрухсор Сафиева да кошулду. Эртеси, 14-майда, сүйлөшүүлөр башталып, анда БУУнун генералдык катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү Ганс Дитрих Мерем экөөбүз ортомчу болдук. Процесс бир топ кыйынчылык менен коштолду. Ар бир тарап өз кызыкчылыгын коргогонго өттү. Расмий Душанбе күч түзүмдөрү каршылаш тараптын колуна өтүп кетеби деп кооптонду. Ал эми оппозиция бийликтин өзөгүн түзгөн таасирдүү министрликтеринин тизгинин алууга умтулду. Эки жак бийлик талашып, бири-биринин сөзүн укпай жатты. Мырза Мерем экөөбүз буларды бир пикирге келтиргенге аракеттенип жаттык. Ошентип үч күн өттү, эч натыйжа болгон жок. 17-майда бири-бири менен кайым айтышып, жүз карашпай калышты. Түштөн кийин аэропортко камынып жатканын угуп, кечки тамакка калышын өтүнүп дароо Рахмонго телефон чалдым. Ошентип кечки тамакты ичкен соң эки тарапка кайрылдым: "Үч күндөн бери тажик эли менен бүт Борбордук Азия ЖМКдан Бишкектеги сүйлөшүүлөр кандай өтүп жатканын карап турган учуру. Эгерде ушул жерден элдешүүнү баштап кетпесеңер, анда тажик калкы силерди эч качан кечирбейт", — дедим. Мырза Мерем да мени колдоп, "тынчтык орнотууга саналуу кадамдар калды" деп эки жакты ынандырды. Бул түнкү чечүүчү сүйлөшүүдө Сафиеванын да ролу чоң. Ал менин өтүнүчүм боюнча Саид Абдулло Нури, Ходжи Акбар Тураджонзоданы Рахмон менен сүйлөшүүнү улантууга көндүрдү. Рахмон, Нури жана Тураджонзода биздин сөзүбүзгө муюп, сүйлөшүүлөрдү улантышты. Ошентип түнү бою эки тарап менен документтердин үстүндө иштеп, баарын тактадык. 18-майда таңга маал баарыбыз абдан чарчап, тыныгууга кетишти. Ошол учурда биз келишимди даярдадык. Түштөн кийин расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" протоколуна кол койду. Бул Бишкектеги сүйлөшүүнүн башкы жетишкендиги эле", — деген Акаев.

Ага чейин каршылашкан эки тарап 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран, Мешхед жана Хост (Түндүк Афганистан) шаарларында жолуккан, бирок бир пикирге келе алган эмес.

Кийин Бишкекте кол коюлган документтердин негизинде ошол эле жылдын 27-июнунда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталган.

1437
Белгилер:
видео, сүйлөшүүлөр, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Аскар Акаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Гиссардан чоң, эки миллион сомдук "Арашан" койлору. Новопокровкада тартылган видео
Милиция кызматкери. Архив

Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди

0
Кайгуул кызматкерлери оорулууларга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл аларын, бирок автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранышты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкекте ыктыярчылар менен кайырчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга алардын жол тыгынын жаратып жатканы тууралуу маалыматтар себеп болгонун Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Ага ылайык, айдоочулар милиционерлерге кайыр сурагандар чоң көчөлөрдө тыгын жаратып, кээде кырсыкка да учуратып жатканын айтып кайрылышкан. Ошондой эле алардан айланып өтөбүз деп "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калып жатканын айтышкан.

Мындан тышкары, милиционерлер ыктыярчылар менен да сүйлөшкөн.

"Кызматкерлер катуу оору менен алышып жаткандарга жардам берген ыктыярчыларды түшүнүү менен кабыл алат. Анткен менен жол кырсыгын, тыгындарды жана ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн автоунаа өткөн жолдун тилкесине чыкпоону суранат", — деп айтылат маалыматта.

Кайгуул милиция тараткан сүрөттөн чоң желим бөтөлкөгө каражат чогулткан ыктыярчыларды көрүүгө болот.

0
Белгилер:
түшүндүрүү иштери, тыгын, жол кырсык, кайырчы, ыктыярчылар, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды