Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков РФ башчысы Владимир Путин менен Бишкекте жолугушуу учрунда. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков РФ башчысы Владимир Путин менен Бишкекте жолугушуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү өнүгөрүнө ишенерин билдирген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн, 12-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков РФ башчысы Владимир Путинди жана элин Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

"Улуу тарыхы, маданияты, зор жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыгы бар, көптөгөн улуттар менен ар кыл маданияттарды кошкон эбегейсиз мейкиндиктеги Россия сиздин түздөн-түз катышууңуз менен албан ийгиликтерге жетишти. Ошондой эле бүгүнкү күндө анын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы сиздин атыңыз менен тыгыз байланышта. Россиянын улуттук кызыкчылыктарды, жарандык биримдикти коргоого жана руханий баалуулуктарды сактоого багыт алганы өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепилдиги болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков Иран президенти Хасан Роухани менен телефон аркылуу сүйлөштү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Хасан Роухани менен телефон аркылуу кызматташуу боюнча сүйлөштү
Ошондой эле Жээнбеков Путинди Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын жана Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдоосун жогору баалай турганын кошумчалаган.

Президент кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча динамикалуу жана жемиштүү өнүгөрүнө ишенерин билдирген.

Өлкө башчы Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде мындан аркы албан ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0