Жээнбеков Кытай төрагасы Си Цзиньпинди куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай лидери Си Цзиньпин быйыл 67 жашка чыкты. Ал 2013-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын төрагасы.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктап, кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөрүнө терең ишенерин айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажрыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максат кылган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат", — деди Жээнбеков.

Ал Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кытай элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков РФ башчысы Владимир Путин менен Бишкекте жолугушуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Путинди Россия күнү менен куттуктады
Андан сырткары, кыргыз-кытай мамилелеринин келечеги туурасында кеп кылган.

"Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытай лидери Си Цзиньпин быйыл 67 жашка чыкты. Ал 2013-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0