Боронов өлкөдөгү кырдаал курчуп жатканы боюнча Жээнбековго маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатканын айткан.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Боронов акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп жатканын белгилеп, эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатканын маалымдаган.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады
Боронов өлкөдөгү кырдаал курчуп жатканы боюнча Жээнбековго маалымат берди - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады

Ошондой эле ал симптому жок вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу Республикалык штаб аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритмин түзүп жатканын айткан.

Мамлекет башчы илдеттин жайылуу коркунучу тургандыктан белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин баса белгиледи.

"Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ресторанда көп адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей жасаган эмгегине абдан жоопкерчиликсиз мамиле. Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам", — деди Жээнбеков.

Карантин учурунда жабык кафе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: кечээги иш-чара аша чапкандык, мындай ресторандар жабылат
Мындан сырткары, президент медиктерге, ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана илдет менен күрөшүүгө тартылгандарга айлык акы жана кошумча төлөмдөрүн өз маалында берүү керектигин баса белгилеген.

Боронов Нарын облусундагы эки райондун ортосунда жайыт талашы жөнүндө да маалымат берген. Өкмөт тарабынан аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, эки аптанын ичинде мыйзам чегинде жайыттардын кимге таандуулугу боюнча чечим чыгарыларын билдирди.

Жээнбеков өкмөткө маселени тыкыр иликтеп, чечүү талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0