Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

1970
(жаңыланган 21:19 15.06.2020)
Абылгазиев буга чейин "дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок" деп айткан.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы эмне себептен мындай чечим кабыл алганын түшүндүрүп, буга чейинки  кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгышын радиожыштыктар чуусу менен байланыштырды.

“Радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам, тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам”, — деди ал.

Ошондой эле ал бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, төргөө чыныгы күнөөлүүлөрдү табарына ишенээрин билдирген.

“Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз. Менин эки жумалык эмгек өргүүм учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылган жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузгандарды аныктайт деп ишенем”, — деп айтылат анын иштен кетүү боюнча кайрылуусунда.

Азыркы кыйын кырдаалда жарандардын толук ишенимине ээ болуу зарыл экендигин айтып, ушул чечимди кабыл алгандыгын түшүндүргөн. 

“Тилекке каршы, иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүнкү өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен премьер-министр ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым”, — деди Абылгазиев.

Сөзүнүн аягында ал президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө жана жалпы кыргызстандыктарга аны премьер-министр катары колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо жана экономиканын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү боюнча башкы милдеттерди аткара алды деп эсептээрин кошумчалаган.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып,  ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген
Эске сала кетсек, Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. 
Абылгазиев өкмөт башына 2018-жылы ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков кызматтан кеткенден кийин дайындалган.

1970
Белгилер:
арыз, кызматтан кетүү, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема:
Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы (18)
Тема боюнча
Премьер Абылгазиев ишке чыктыбы? Маалымат катчынын жообу
Өкмөт: жыштык маселесин Абылгазиев эмес, Асрандиев талкуулаган

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

5
(жаңыланган 16:38 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Рабочая поездка президента Беларуси Александа Лукашенко в Минскую область

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

5
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын жаңы башчысы Чынасыл Чыныбаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

104
(жаңыланган 14:10 10.08.2020)
Райондун буга чейинки башчысы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган. Эми анын орун басары аймакты тескемей болду.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчылыгына Чынасыл Чыныбаев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Ал эми мурдагы башчы Токтосун Султанов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи Чыныбаев анын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

104
Белгилер:
дайындоо, кызмат, жетекчилик, Бишкек
Тема боюнча
Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду