Члены правительства и депутаты на заседании ЖК где рассматривается отчет правительства КР

Жылкы, алтын, радиожыштык! Премьерлерди ээрден оодарган себептер

324
(жаңыланган 00:33 16.06.2020)
Эгемендикти алгандан бери Кыргызстанда 20дан ашуун өкмөт башчы алмашкан. Кээ бири жаңжалдан кийин өз ыктыяры менен кызматтан кетсе, эки өкмөт башчы кызматта турган кезинде көз жумган.

КР премьер-министрлерин ээрден алып түшкөн себептер менен Sputnik Кыргызстан даярдаган бул түрмөктөн таанышыңыздар.

КР өкмөтүн канча киши башкарган?

Көз карандысыздыкты алгандан бери Кыргызстанда отуз чакты премьер алмашканы туурасында айтылат. Чындыгында алар отузга жетпейт, Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаеваны кошо эсептесек, Мухаммедкалый Абылгазиев жыйырма үчүнчү премьер-министр болуп саналат.

Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев өкмөттү эки ирет башкарган, аны эске алсак, республикада 20 экс-премьер бар. Өкмөт башчынын милдетин аткарып гана тим болгон саясатчыларды эсептебедик. Кашаа ичинде милдетин аткаруучу макамындагы убакыттан тышкаркы "таза" премьерликти аркалаган маал көрсөтүлдү.

Насирдин Исанов (1991-жылдын 21-январы — 1991-жылдын 29-ноябры)

Насирдин Исанов — государственный деятель и первый премьер-министр Кыргызстана, академик Инженерной академии СССР
предоставлено Марией Исановой
Насирдин Исанов

Кыргызстандын тунгуч премьер-министри. Өкмөттү жетектеп турган кезинде жол кырсыгында каза болгон. Ошондо болгону 48 жашта болчу.

Турсунбек Чыңгышев (1992-жылдын 10-февралы — 1993-жылдын 13-декабры)

Экс-премьер-министры КР Кубанычбек Жумалиев, Турсунбек Чынгышев и Апас Жумагулов на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Турсунбек Чыңгышев

Көз карандысыздыкка жаңыдан ээ болгон жылдары Cameco компаниясы өлкөдөгү эң ири Кумтөр алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Мындан кийин депутаттар мамлекет жетекчилерин жемкорлукка айыптап кирген. Анын натыйжасында 1993-жылдын декабрында премьер-министр Турсунбек Чыңгышев кызматтан кеткен. Белгилей кетсек, "Кыргызстанда акылсыздар менен жалкоолор гана уурдабайт" деген айтылуу кепти ага таандык деп жүрүшөт.

Апас Жумагулов (1993-жылдын 14-декабры — 1998-жылдын 14-марты)

Экс-премьер-министр КР Апас Джумагулов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Апас Жумагулов

Премьер-министрлердин ичинен бул кызматты эң узак аркалагандардын бири. Ал Sputnik Кыргызстанга кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин, коюлган милдеттердин баарын аткарган соң, жаш кадрларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бергенин айтат. "Бир күн кеч кеткенден көрө бир күн эрте кеткен жакшы" деп кошумчалаган ал.

Кубанычбек Жумалиев (1998-жылдын 25-марты — 23-декабры)

Экс-премьер-министр КР Кубанычбек Жумалиев на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кубанычбек Жумалиев

Ачык булактарда бул кишинин отставкасынын себебин таба албадык. Экс-премьер өзү кызматтан кетиш себебин атоодон баш тартты.

Жумабек Ибраимов (1998-жылдын 25-декабры — 1999-жылдын 4-апрели)

Видный государственный и общественный деятель, премьер–министр Кыргызской Республики Жумабек Ибраимов
© Фото / семейный архив Ибраимовых
Жумабек Ибраимов

Премьерлик кызматта турган кезинде ашказан рагынан көз жумган. Премьер-министр катары үч айдан ашуун иштеген.

Амангелди Муралиев (1999-жылдын 21-апрели — 2000-жылдын 11-декабры)

Экс-премьер-министр КР Амангелди Муралиев на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Амангелди Муралиев

2000-жылы Аскар Акаев кезектеги президенттик шайлоодон утуп чыгып, Конституцияга ылайык, Муралиев жетектеген өкмөт отставкага кеткен. Жаңы премьерге добуш берүү эки баскычта өткөн. Акаев депутаттарга премьер-министрликке талапкерлерге жабык рейтингдик добуш берүү менен тандоону сунуштаган. Эки талапкер ат салышкан. Амангелди Муралиевди Курманбек Бакиев жабык добуш берүүдө жеңип чыгып, ачык добуш берүүдө министрлер кабинетинин башчысы болуп шайланган.

Курманбек Бакиев (2000-жылдын 21-декабры — 2002-жылдын 22-майы) жана (2005-жылдын 28-марты — 2005-жылдын 15-августу)

Курманбек Бакиев
© Sputnik / Сергей Гунеев
Курманбек Бакиев

Бакиев эки жолу премьер-министр болуп иштеген. 2002-жылы оппозициялык депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы алты адамдын өлүмүнө алып келген нааразылык акцияларын жараткан. Артынан оппозиция жапырт көтөрүлүп, ошондогу премьер-министр Курманбек Бакиев ички иштер министри жана президенттик администрациянын башчысы менен биргеликте отставкага кеткен. Экинчи ирет "жоогазын" революциясынан кийин премьер болгон. Бул кызматты аркалап жүрүп, президенттикке шайланган. Президенттик шайлоо убагында өкмөт башчынын милдетин Медетбек Керимкулов 20 күндөй (шайлоо убагында) аткарган. 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин президенттик тактыдан кулаган. Сырттан соттолуп, ушул тапта Белоруссия жергесинде турат.

Николай Танаев (2002-жылдын 30-майы — 2005-жылдын 25-марты)

Экс-премьер-министр КР Николай Танаев на пресс-конференции в Бишкеке (Кыргызстан). 23 августа 2005 года
© AP Photo / AZAMAT IMANALIEV
Николай Танаев

Аскар Акаевдин акыркы премьер-министри Николай Танаев 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан соң дароо отставкага кеткен. Эске салсак, ошондо Акаев бийлигинен кол жууган.

Феликс Кулов (2005-жылдын 1-сентябры — 2006-жылдын 19-декабры)

Экс-депутат, лидер партии Ар-Намыс Феликс Кулов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Феликс Кулов

Курманбек Бакиев Кулов менен союз түзүү менен өлкө башчылыгына шайланган. Мырзалык макулдашуу боюнча Кулов премьер-министрлик кызматка макул болгон. Президенттик дымагынан баш тартып, 2005-жылкы президенттик шайлоодо Бакиевди колдогон. Бул эки саясатчынын союзун "тандем" деп аташкан. Конституциялык реформанын жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Бакиев Куловдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына эки ирет сунуштаган, бирок парламент аны четке каккан. Үчүнчү жолкусунда ошол убактагы айыл чарба министри Азимбек Исабеков бул кызматка көрсөтүлгөн (ал өкмөттү туура эки ай жетектеген).

Мындан кийин Кулов президент "мырзалык сөзүнө турган жок" деп анын отставкасын талап кылган. Оппозиционерлер менен бирге митинг уюштуруп, көп өтпөй укук коргоо органдары кууп тараткан.

Азимбек Исабеков (2007-жылдын 29-январы — 2007-жылдын 29-марты)

Экс-премьер-министры КР Азимбек Исабеков и Феликс Кулов на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Азимбек Исабеков

Феликс Куловдун министрлер кабинетиндеги айыл чарба министри анын ордуна өкмөттү башкарып калган. Исабеков премьерликти туура эки ай ээлеп, ошол кездеги  президент Курманбек Бакиев бир нече министрди иштен кетирүүдөн баш тарткандыктан, отставкага кеткен. Анын ордуна ошол маалдагы оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев келген.

Алмазбек Атамбаев (2007-жылдын 29-марты — 2007-жылдын 28-ноябры) жана (2010-жылдын 17-декабры — 2011-жылдын 1-декабры)

Президент Киргизской Республики Алмазбек Атамбаев на заседании Высшего Евразийского экономического совета на уровне глав государств в Большом Кремлевском дворце.
© Sputnik / Михаил Климентьев
Алмазбек Атамбаев

Атамбаев эки ирет премьер-министр болгон. Исабеков кызматтан алынгандан кийин премьерликке оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев дайындалган. Министрлер кабинетин ал киши сегиз ай башкарып, өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Бакиев аны "Данакер" ордени менен сыйлаган.

Өз кезегинде Атамбаев иштеп турганда "президент бардык маселелерде мени колдогон" деп билдирген. Өз отставкасынын себеби катары Бакиевдин айланасындагылар анын өз алдынчалыгын жактырбаганын атаган. Экинчи жолу ал 2010-жылдын аягында жаңы Конституция кабыл алынып, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин өкмөт башчылыгына келген. Президенттик шайлоодо утуп чыккан соң, өлкөдөгү эң жогорку кызматка отурган.

Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)

Депутат ЖК 6-го созыва Игорь Чудинов от фракции Бир Бол. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Игорь Чудинов

2009-жылы ошол туштагы президент Бакиев мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоону жарыялаган. Анын алкагында министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары кыскартылган. Чудинов өкмөттүн жаңы түзүмүн Жогорку Кеңешке жаңы премьер-министр сунуштоого тийиш деп билдирип, өзү отставкага кеткен. Кийинчерээк Өнүктүрүү фондунун башкы директорлугуна дайындалган. 2010-жылы кызматынан кыянаттык менен колдонгон, мамлекеттик насыяларды максатсыз пайдаланган деген айып менен кармалып, кайра бошотулган.

2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча 5 миллион сомго айыпка жыгылган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, соттун өкүмүнөн кийин мандатынан ажыратылган.

Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабры — 2010-жылдын 7-апрели)

Рабочий визит премьер-министра РФ В.Путина на Украину. 20 ноября
© Sputnik / Алексей Никольский
Данияр Үсөнов

Курманбек Бакиевдин соңку премьер-министри апрель окуясынан кийин кызматынан айрылган. 3,5 ай премьерликти аркалаган. Апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

Роза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 17-декабры)

Экс-президент КР Роза Отунбаева во время выступления на Астанинском экономическом форуме
© Фото / Абзал Калиев
Роза Отунбаева

Адегенде Убактылуу өкмөттү, андан кийин техникалык өкмөттү өткөөл мезгилдин президенти деген макамда жетектеген. Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөттү бекиткен соң, ал техникалык өкмөт башчылыгынан кеткен.

Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 23-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)

Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ЖК
Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов бир нече ирет чуулуу териштирүүлөрдүн чордонунда калган, саясатчынын чынчылдыгы тууралуу талаш-тартыш ал кызматтан кеткенде да токтогон эмес.

2012-жылы Бабановдун өкмөтү асыл кандуу аргымак чырынан улам отставкага кеткен. "Атамекенчилер" министрлер кабинетинин башчысы кирешелүү келишимге кол коюуга кызыкдар болгон түрк ишканасынан пара катары алган деп айыптап чыккан. Ушундан улам адегенде "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары, алардын аркасынан башка фракциялар парламенттик коалициядан чыккан.

Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)

23 апреля 2013. Председатель правительства России Дмитрий Медведев (справа) и премьер-министр Киргизии Жанторо Сатыбалдиев на пресс-конференции по результатам встречи в резиденции Горки.
© Sputnik / Дмитрий Астахов
Жантөрө Сатыбалдиев

Сатыбалдиевдин отставкасынын сценарийи да Бабановдукуна окшош. Ошол жолу да "атамекенчилер" негизги ролду ойногон. Депутаттык комиссия алгач Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишиндеги каржылык мыйзам бузууларды таап чыккан.

"Ата Мекен" бул эпизодду коалициядан чыгуу себептеринин бири катары атаган. Мурдагы жолкудай эле өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен. Ошентип, "атамекенчилер" катары менен эки өкмөттү кетирип тынган.

Кийин "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев: "Ооба, аларды мен кетирдим, бирок, ачыгын айтайын, баары президент менен макулдашылган", – деп эки өкмөттү кулатуудагы ролун моюнга алган.

Жоомарт Оторбаев (2014-жылдын 3-апрели — 2015-жылдын 1-майы)

Премьер-министр Дж.Оторбаев принял Посла Республики Казахстан в Кыргызской Республике Б.Исабаева
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жоомарт Оторбаев

"Ата Мекен" тарабынан сунушталган Оторбаев 2014-жылдагы анын ишмердигин депутаттар канааттандырарлык деп тапкандан кийин парламенттин жыйынында отставкага кетерин жарыялаган.

Демократиялык республикада бийликтин монополиясына жол берилбеши керектигин себеп катары көрсөтүп, өлкө жаңы көз караш, дымак, максаттарга муктаж экенин, ал эми аткаруу бийлигин бир силкинтүү зарылдыгын белгилеген.

Оторбаев парламент анын бир жылдык ишмердигин канааттандырарлык деп баалагандан кийин да отставкага кеткен. Өмүрбек Текебаев Оторбаев Centerra директорлор кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүүгө жолтоо болгону үчүн кызматтан кетти деп эсептеген.

Темир Сариев (2015-жылдын 1-майы — 2016-жылдын 13-апрели)

Премьер-министр Кыргызской Республики Темир Сариев во время встречи с председателем Государственной Думы Федерального Собрания Российской Федерации Сергеем Нарышкиным. Архивное фото
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Темир Сариев

Жоомарт Оторбаевден кийин Темир Сариев министрлер кабинетин жетектеген. Бир жылдан соң Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоого жарыяланган тендердин тегерегинде жаңжал чыккан. Тендердин мыйзамдуулугун депутаттык комиссия иликтеген. Анын айрым мүчөлөрү Сариевдин айланасындагылар компаниялардын биринин кызыкчылыгын жактаган деп шектенген.

Ушул себептен депутаттык комиссия Жогорку Кеңешке өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин сунуштаган. Андан көп өтпөй премьер "мындай саясий оюндарга" аралашууга убактысы да, каалоосу да жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Сооронбай Жээнбеков (2016-жылдын 13-апрели — 2017-жылдын 22-августу)

Премьер-министр Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Сооронбай Жээнбеков

Сариевдин отставкасынан кийин өкмөттү башкарган. СДПК аны президенттикке талапкер катары чыгаргандан кийин кызматын тапшырган. Жээнбеков шайлоодо жеңип чыгып, 2017-жылдын ноябрынан тарта Кыргызстанды башкарат.

Сапар Исаков (2017-жылдын 25-августу — 2018-жылдын 19-апрели)

Премьер-министр КР Сапар Исаков во время отчета правительства перед парламентской оппозицией
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Сапар Исаков

2018-жылдын апрелинде парламенттик оппозиция өкмөт башчынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалайт. Андан кийин Жогорку Кеңеш Исаковдун министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Мурдагы премьер айрым депутаттардын туугандарын ишке алуудан баш тартканы үчүн алардын каарына калганын айтат.

Исаков Бишкектеги Жылуулук электр станциясын модернизациялоодогу жемкорлук боюнча 15 жылга соттолгон. Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу жемкорлук иши боюнча да айыпталат.

324
Белгилер:
жыштык, радио, алтын, жылкы, себеп, отставка, премьер-министр, Кыргызстан
Тема:
Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы (18)
Тема боюнча
Жер иштеткен, лекция окуган, качкан экс-премьерлер. Өкмөттү башкаргандар кайда?
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда

Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл

211
(жаңыланган 16:48 26.09.2020)
Келе жаткан жумада мамлекет башчы иш сапары менен Россияга барат. Маек учурунда Владимир Путин менен бир катар маселелерди талкуулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатканда айтты.

Журналист мамлекет башчыдан РФ менен бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалай турганын жана өлкө ортосунда эриш-аркак жылындагы пландар тууралуу сураган.

Президент Россия менен иштешүүгө чоң маани берилерин жана учурдагы мамиле эң жакшы экенин айткан.

"Эмки жумада, кудай буюрса, Россияга иш сапар менен барып, Владимир Путин менен жолугушам. Бир катар маселелерди талкуулайбыз. Ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны Бишкекте өттү. Бул эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара. Комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады. Кээ бир иш-чаралар, тилекке каршы, абалга жараша токтоп турат. Алардын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча Россия менен сүйлөшүп жатабыз", — деген президент.

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

Президент эриш-аркак жылынын жабылыш аземи 2021-жылга жылдырылганын кошумчалаган.

"Кыйынчылыктарга карабастан биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз жана жумшап жатабыз", — деген Жээнбеков.

Кыргыз-Россия эриш-аркак жылында баш-аягы 200гө чукул иш-чараларды өткөрүү пландалып, бирок пандемиядан улам түрдүү мөөнөттөргө жылдырылган болчу.

211
Белгилер:
иш-чара, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, кызматташтык, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт

Жээнбеков парламентке канча партиянын келишин каалай турганын айтты

867
(жаңыланган 16:14 26.09.2020)
Мамлекет башчы шайлоодон кийин парламентке канчалык көп партия келсе, өлкө үчүн ошончо утуш болорун белгиледи.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Парламентке беш-алты партиянын келишин каалайт элем. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздар бар экенин белгиледи.

"Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда баары биригет, мамлекетчил позициясын көрсөтөт. Буюрса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Бирок парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем. Себеби бул өлкө үчүн, туруктуулук үчүн керек", — деди Жээнбеков.

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Ошондой эле ал парламентке канчалык көп партия келсе, өлкө үчүн ошончолук утуш болорун белгилеп, тогуз пайыз эмес, жети пайыздык шайлоо босогосун колдогонунун негизги себеби да ушул болгонун айтты.

Соңунда президент эл кандай добуш берсе ошондой жыйынтык болорун кошумчалды.

867
Белгилер:
мамлекет, Парламент, саясый партия, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды
Депутат болгум келет. Өкмөттө иштеген 140 кызматкер шайлоого катышууда
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

0
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

0
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек