Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков премьер Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

142
(жаңыланган 09:28 16.06.2020)
Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын кечээ, 15-июнь күнү, жазган. Ага чейин премьер кыска мөөнөттүү өргүүдө болчу.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, кыргыз өкмөтү отставкага кетти деп эсептелип, жаңысы түзүлгөнгө чейин кызмат ордун ээлеген адамдар өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткарат.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызды 15-июнда жазган.

142
Белгилер:
арыз, отставка, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Жаңы премьер-министрди дайындоо (18)
Тема боюнча
Жылкы, алтын, радиожыштык! Премьерлерди ээрден оодарган себептер
Премьер-министрди кызматтан кетирүү жана жаңы өкмөт шайлоонун жол-жобосу
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

102
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

102
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын жаңы башчысы Чынасыл Чыныбаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

117
(жаңыланган 14:10 10.08.2020)
Райондун буга чейинки башчысы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган. Эми анын орун басары аймакты тескемей болду.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчылыгына Чынасыл Чыныбаев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Ал эми мурдагы башчы Токтосун Султанов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи Чыныбаев анын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

117
Белгилер:
дайындоо, кызмат, жетекчилик, Бишкек
Тема боюнча
Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

0
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

0
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт