ЖК депутаттары отурумда. Архивдик сүрөт

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги каралууда. Учурда эмне болуп жатат

376
(жаңыланган 13:33 16.06.2020)
Кечээ, 15-июнь күнү, Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазып, бүгүн аны президент Жээнбеков кабыл алды.

Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматын тапшырууну чечкенин айтты. Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген эле.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкер сунуштайт.

Жаңы билдирүү
  • 13:33

    Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоп, ЖКнын кароосуна жөнөттү

    Андан сырткары өкмөт мүчөлөрү жана жаңыдан сунушталган жетекчилердин талапкерлиги да жактырылды.

  • 13:30

    Депутат Бороновдун талапкерлигин ким сунуштагандыгына кызыкты

    Депутат Мирлан Жээнчороев Бороновдун талапкерлигин ким сунуштагандыгына кызыкты.

    “Бороновдун талапкерлигине кечинде коалицияга кирген фракция жетекчилер менен талкуулап токтолду. Туруктуулукту сактоо, мураскерлик, саясий  партияга кошулбагандыгын, шайлоого калыс мамиле кылуу жактары эске алынды.  Учурдагы кырдаалдан улам бул кадам жасалды”, - деди Өмүркулов.

     

  • 13:09

    Боронов: коронавирус шайлоо кампаниясына тоскоол болбойт

    Депутат Дастан Бекешов парламенттик  шайлоодо агитациялык иштер башталарын, эл үчүн концерттер берилерин, стадиондордо үгүт иштери башталарын айтып, COVID-19дун жугуу кооптуулугун эскертти.

    “Шайлоону буга чейин кандай жол менен өткөрсөк, ошондой жол менен өткөргөнгө аракет кылабыз. Объективдүү жана субъективдүү себеп бар. Бизден эмес, сырттан да көз каранды болуп жатпайбы. Шайлоо күнү белгиленген учурда дарыгерлердин сунушу менен алгоримди айтабыз”, - деди Боронов.

     

     

  • 12:57

    Боронов: премьерлик боюнча кечинде уктум, сүйүнө элекмин, бекитсенер сүйүнсөк керек

    Вице-спикер Аида Касымалиева “сиз кирип келе жатканды ойлонуп кирдиңиз, сүйүндүңүзбү, же сүйүнгөн жоксузбу. Себеби ойлонуп кирдиниз" деген суроо узатты.

    “Кечинде уктум, сүйүнгөнгө убакыт болгон жок, бир нерсени  өтө чоң  жоопкерчиликти сезип турам. Сүйүнө элекмин, бекитсенер сүйүнсөк керек”, - деп жооп берди Боронов.

    Бекешов 10 күндөн кийин шайлоо алдындагы кампания башталышы мүмкүндүгүн айтты.

  • 12:20

    Sputnik Кыргызстан парламенттик көпчүлүк коалициянын жыйынын түз алып берип жатат

  • 12:16

    Боронов: баарыбыз кыйналабыз...

    "Баарыбыз кыйналабыз, туура, аны баарыбыз билип турабыз. Ошон үчүн ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү боюнча иш алып барып жатабыз", - деди Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

  • 12:15

    Өкмөттүн курамы же кадр саясаты жөнүндө

    "Кадр саясатын улам алмаштыруу азыркы, коронавирус каптап турган кыйын  учурда ашыкча деп ойлойбуз. Бошогон орундарга гана артыкчылык берилет", - деди Боронов.

  • 12:12

    Тышкы карыздар боюнча

    Депутаттардан тышкы карыздар андан кутулуунун оордугу боюнча суроо берилди.

    “Сырткы карыздар боюнча кредиторлор менен эки тараптуу сүйлөшүү болуп жатат. Андан тышкары Париж клубу менен сүйлөшүү жүрүүдө. 57 миллион долларды төлөөнү кийинкиге, 2024-жылга чейин жылдыруу боюнча сөз болууда. Бул  да аздык кылууда, рестуруктуризацияны терең кылуу зарылдыгы турат”, - деди Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

    Буга Боронов кошумча маалымат берди.

    “Тышкы карыздар боюнча кошумчалап коеюнчу, бул багытта иштеп жатабыз. Чоң жыйырмалык, Кувейт фонддору сыяктуу тараптар менен сүйлөштүк. Кыскасын айтканда, быйыл 50 милилондон ашык доллар пайда болуп калат”, - деди ал.

     

  • 12:00

    "Вагонеткада 17 жерде окуп жатышат. Биринчи учурда ошолорго көбүрөөк көңүл бурабыз. Андан сырткары урай турган мектептер да бар. Алар биринчи орунда", - деди Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып. 

  • 11:58

    Депуттар суроо берип жатып, сөзүнүн аягында жана башында Бороновдун өкмөт башчылыгына талапкерлигин колдой турганын айтышууда.

  • 11:49
    Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов во время присяги

    Таш тизип, чөп ташыган министр. Кубатбек Боронов тууралуу 6 факты

    Тышкы иштер, социалдык өнүгүү, билим берүү жана маданият министрлерин кошпогондо Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн курамы "жаңыланды". Жаңы кызматка келгендердин арасында Кубатбек Боронов да бар. Буга чейин ӨКМди жетектеп келген министр эми биринчи вице-премьерликти аркалоодо.
    Дагы
  • 11:45

    “Абылгазиевдин атылбай калган акыркы патрону”

    Депутат Рыскелди Момбеков Бороновго суроо берип жатып аны, “Абылгазиевдин атылбай калган акыркы патрону” деп атады.

  • 11:44

    Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине Жогорку технологиялар паркынын мурдагы башчысы Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

  • 11:39

    Боронов өкмөттүн аппарат жетекчилигине Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин көрсөттү

    "Өкмөттүн аппарат жетекчиси өзүнүн берген арызынан улам иштен кетти. Анын ордуна  Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин көрсөтүп жатам. Бул адам менен иштешип келгем", - деди Боронов. 

     

  • 11:37

    Биринчи вице-премьер-министрлик орунга Алмазбек Батыралиевдин көрсөтүлүп жатканы айтылды

  • 11:34

    Боронов: бизнести колдоону карап жатабыз

    Өкмөттүн “Ишеним, биримдик жана жаратмандык” программасына кошумча ишкерликти каржылоо программасын киргизүүнү карап ойлонуп жатабыз.  Буга 14 милилард сомдон кем эмес каражат бөлүүнү карап жатабыз”, - деди ал.

     

  • 11:26

    Боронов бюджеттин киреше бөлүгүн аткарлышын камсыздоо өкмөттүн учурдагы иштеринин бири деп билдирди.

    Көмүскө экономика менен күрөшүү, кирип-чыккан товарларды көзөмөлдөө, бажы системасынын иштешин жакшыртуу ишин улантуу тыкыр караларын айтты

  • 11:21

    Боронов анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталгандыгына ыраазылык билдирип, азыркы өкмөттүн жүргүзүп жаткан курсун улантуу аракети болорун айтты

  • 11:20
    Министр чрезвычайных ситуаций Боронов Кубатбек во время церемонии принесения присяги

    Боронов Кубатбек Айылчиевич. Өмүр баяны

    Боронов Кубатбек Айылчиевич, 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
    Дагы
  • 11:16

    Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкер катары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду көрсөттү

  • 11:13

    Көпчүлүк коалиция жыйынга чогулду

    Учурда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жетекчиси Иса Өмүркулов сүйлөп жатат. Эми келе турган премьер саясатка аралашпаган адам болуусу керектигин айтты

live
Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги каралууда. Учурда эмне болуп жатат
+
376
Белгилер:
өкмөт, кызмат, дайындоо, отставка, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема:
Жаңы премьер-министрди дайындоо (18)
Тема боюнча
Премьер-министрди кызматтан кетирүү жана жаңы өкмөт шайлоонун жол-жобосу
Жылкы, алтын, радиожыштык! Премьерлерди ээрден оодарган себептер
Жээнбеков премьер Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды