Премьер-министрлик кызматка Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов 2018-жылы апрелде жаңы өкмөттүн курамы менен келип биринчи вице-премьер кызматына дайындалган болчу.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматка Кубатбек Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалым болду.

“Кырдаалды саясатташтырып, абалды курчутууга жол бербей, өлкө үчүн натыйжа берчү чечим кабыл алуу керек. Максатыбыз — өкмөттүн ишин аксатпай, өтө керектүү гана кызматтык алмашууларды дайындоо. Азыркы келген премьер-министр жаңы парламент түзүлгөнгө чейин гана иштээри белгилүү. Мындай убактылуу кызматка амбициялуу саясий фигуралар макул болуп тобокелчиликке бара бербейт деп ойлойм. Мына ушуларды эске алып, биз, көпчүлүк коалициянын фракция жетекчилери, Кубатбек Айылчиевичтин талапкерлигин көрсөтүүнү чечтик”, — деди коалиция лидери Өмүркулов.

Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Боронов 2018-жылы апрелде жаңы өкмөттүн курамы менен келип биринчи вице-премьер кызматына дайындалган болчу. Ага чейин өзгөчө кырдаалдар министри болуп көп жыл иштеген. Ал эми Абылгазиев 27-майда эмгек өргүүгө кеткенде премьер-министрдин милдетин аткарып жүргөн.

Көпчүлүк коалициясынын курамында КСДП, “Республика — Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракциялары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0