Өкмөттүн курамы өзгөрөт. Боронов кимди кайсы кызматка сунуштап жатат

© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргыз Республикасынын өкмөттүн имараты. Архив
Кыргыз Республикасынын өкмөттүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар комитетинин директорлугуна, өкмөттүн аппарат жетекчилигине, биринчи вице-премьерликке талапкерлер көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Талапкерлиги премьер-министрликке сунушталып жаткан Кубатбек Боронов түзүп келген өкмөттүн жаңы курамында өзгөрүүлөр болот.

Анын айтымында, өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев өз эрки менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Ал эми ордуна Таалайбек Темиралиев келди.

"Мен өзгөчө кырдаалдар министри кезимде бул киши статс-катчы болуп алты жыл чогуу, түшүнүү менен иштешкенбиз. Ал эми кызматын тапшырган Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинен жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштап жатабыз. Өкмөттүн башка мүчөлөрү өзгөргөн жок", — деди Боронов.

Ал эми Бороновдун ордуна, биринчи вице-премьер кызматына экс-депутат Алмаз Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0