Сабиров: өкмөттө мыйзам аткарылбай, тууганчылык, куда-сөөктүк иштеп жатат

© Фото / Пресс-служба ЖКДепутат Максат Сабиров. Архив
Депутат Максат Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн курамын карап жатат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Депутат Максат Сабиров премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновдун "азыркы өкмөттүн курамы менен иштей аласызбы, тоскоолдук болбойбу?" деп сурады.

Ага Боронов ар бири менен иштешкенге даяр экенин айтып, өкмөт мүчөлөрү дагы аракет кылышы керектигин билдирди.

Андан соң депутат кыска мөөнөттө дагы көп нерсени өзгөртсө болорун белгилеп, кесипкөй адистерди тартууну суранды.

"Бизде эң жакшы мыйзамдар бар экен, бирок жалаң тууганчылык, куда-сөөк, жек-жаат болуп бир да мыйзам аткарылбайт. Иш билги адистер өкмөткө келмейинче өлкө өнүкпөйт. Өкмөттө отурган адистердин жазганын көрүп уялчу болдум. Комитетке келгенде жооп бермек турсун, сүйлөй албай жатат", — деди Сабиров.

Ошондой эле ал ар бир вице-премьер өз тармагы боюнча таап келген адистерди колдоп беришин сунуштады.

Белгилей кетсек, учурда парламенттин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Боронов баштаган өкмөттүн курамын карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0