Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуу учрунда

Абылгазиев кол алдындагылар менен коштошуп, ийгиликтерин атады

248
(жаңыланган 16:07 16.06.2020)
15-июнь күнү Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазып, ага бүгүн өлкө башчы кол койду. Абылгазиев бул кызматта эки жылдан ашык отурду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуп, өзүнүн кызматтан кетүү саясий чечимин түшүндүрдү.

  • Экс-Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с исполняющими обязанности членов Правительства и коллективом Аппарата Правительства КР
    Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуп, өзүнүн кызматтан кетүү саясий чечимин түшүндүрдү
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Экс-Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с исполняющими обязанности членов Правительства и коллективом Аппарата Правительства КР
    Өз сөзүндө ал мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү, акыйкат, таза иштөө башкы принциби экенин белгиледи
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Экс-Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с исполняющими обязанности членов Правительства и коллективом Аппарата Правительства КР
    Ошондой эле экс-премьер өзү башкарып турган учурдагы өкмөттүн жетишкендиктерине токтолду
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Экс-Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с исполняющими обязанности членов Правительства и коллективом Аппарата Правительства КР
    Сөзүнүн аягында ал президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт мүчөлөрөнө жана аймактардагы өкүлдөргө ыраазычылык билдирди
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Экс-Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в ходе встречи с исполняющими обязанности членов Правительства и коллективом Аппарата Правительства КР
    Эске салсак, 15-июнь күнү Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазды.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 5
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуп, өзүнүн кызматтан кетүү саясий чечимин түшүндүрдү

Өз сөзүндө ал мамлекетке жана элге жоопкерчиликтүү, акыйкат, таза иштөө башкы принциби экенин белгиледи.

"Акыркы мезгилде өкмөттүн, анын ичинде менин атыма фактылар менен тастыкталбаган сөздөр айтылып кетти. Бул мени катуу тынчсыздандырды. Сын-пикирлер өкмөттүн атына дайыма айтылып келген, бирок өкмөттүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирген далилсиз сөздөр мени ойлондурду. Мен жыштыктар боюнча иштерге эч кандай тиешем жок! Бирок мамлекеттик кызматтын этикасын сактап, коронавируска байланышкан кризистин маалында аткаруу бийлигинин көңүлү бир жерге топтолушу үчүн ушул чечимге келдим", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле экс-премьер өзү башкарып турган учурдагы өкмөттүн жетишкендиктерине токтолду.

"Биз үч жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган өкмөт болдук, андан тышкары, антикризистик бюджетти бекиттик. Ички дүң продукциянын көлөмү 2018-жылы 3,8 пайыз болсо, 2019-жылы 4,5 пайызга өсүштө болду. Бюджет 2018-жылы 135 миллиард сомго барабар болсо, 2019-жылы 148,4 миллиард сомго жетип, 13 миллиард сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 миллиард сомго дейре жеткирүү болжолдонгон", — деди экс-премьер-министр.

Сөзүнүн аягында ал президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт мүчөлөрүнө жана аймактардагы өкүлдөргө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 15-июнь күнү Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазды.

Ал эми бүгүн парламентте көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка мурдагы биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштап, колдоп берди.

248
Белгилер:
отставка, кызмат, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема:
Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасы (18)
Тема боюнча
Иса Өмүркулов: Абылгазиев кетерин бизге айткан эмес, бирок ишинен билинип турган
Жылкы, алтын, радиожыштык! Премьерлерди ээрден оодарган себептер
Белоруссияда нааразычылык акциясынын катышуучулары

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

101
(жаңыланган 16:39 10.08.2020)
Түндө президенттик шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркаган. Айрымдарын күч түзүмдөрү кармап кеткен.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Александр Лукашенко Белоруссияда нааразычылыкка чыккандарды Польша, Британия жана Чехиядагылар башкарып жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигинин Telegram-каналы жазды.

Анын айтымында, чет мамлекеттен чалуулар катталган, бирок аларга карабастан шайлоо жогорку деңгээлде өттү.

"Бул майрам да, аны бузгусу келгендер болду. Биз аларды байкадык, көрүнүп эле турду. Чет мамлекеттеги чалууларды каттадык. Польша, Улуу Британия жана Чехиядан чалуулар болгон, алар биздикилерди, кечиресиздер, койлорду башкарышкан. Алар өздөрү эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок, ошон үчүн башкарып алышты да", — деген Лукашенко КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Сергей Лебедев менен болгон жолугушуусунда.

Эске сала кетсек, Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты.

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

Түндө шайлоодон кийин Минскиде башаламандык болуп, кишилер жабыркап, кармалгандар болгон.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

101
Белгилер:
нааразычылык акциясы, шайлоо, президент, Александр Лукашенко, Белоруссия
Тема боюнча
38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын жаңы башчысы Чынасыл Чыныбаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

115
(жаңыланган 14:10 10.08.2020)
Райондун буга чейинки башчысы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган. Эми анын орун басары аймакты тескемей болду.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчылыгына Чынасыл Чыныбаев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Ал эми мурдагы башчы Токтосун Султанов өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Жаңы жетекчи Чыныбаев анын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

115
Белгилер:
дайындоо, кызмат, жетекчилик, Бишкек
Тема боюнча
Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

0
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

0
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт