Батукаев иши: мамлекеттик айыптоочу Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратууну сурады

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент Атамбаевдин өзү сот процессине катышкан жок. Буга чейинки сот жараянында ал залдан чыгууга мажбур болгон.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Мамлекеттик айыптоочу сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратууну сурады.

Маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты. Сот жараяны бүгүн болгон. Жарыш сөзгө чыгып, мамлекеттик айыптоочулар, күнөө тагылып жаткан Индира Жолдубаева жана айыпталып жаткандардын жактоочулары сүйлөгөн.

Мамлекеттик айыптоочу жыйынтыгында төмөнкү мөөнөттү сураган:

  • мурдагы президент Алмазбек Атамбаев — 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
  • президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин Башкы прокурор болгон Индира Жолдубаева — 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;
  • ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев — 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратуу;
  • академик, врач Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо.

Иш күнү бүткөндүктөн, сот жараяны 18-июнга жылдырылды.

Буга чейинки процессте сот Атамбаевди тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылганы кабарланган. Мындан сырткары экс-президент бир нече ирет сот жараяндарына катышуудан баш тартып, залдан чыгып кеткен.

Батукаевдин иши

Кылмыш төбөлү атыккан Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.

Акыйкатчы Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы абактагы аткаминерлерден кабар алып, Атамбаевдин ден соолугун билди
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0