Премьер болгондо мурдагыдай тойлорго барбаңыз. Депутат Бороновго сунуш айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев. Архив
Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын карап жатат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Кубатбек Бороновго премьер-министр болуп калса, тойлорго көп барбай, иштөөнү сунуштады.

Учурда парламент жалпы жыйында Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын карап жатат.

"Сиз азыр премьер-министр болгону турасыз. Жоопкерчиликти сезип жатасыз да, туурабы? Мурункудай тойлорго катышпай иштесеңиз. "Биздин тойго катышты, самса жеди" деген сөздөрдү укпайлы. Премьер-министрлик өтө маанилүү кызмат", — деди Бекешев.

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын көпчүлүк коалициясы Бороновдун өкмөтүн жактырды
Буга талапкер "рахмат кеңешиңизге" деп жооп берүү менен чектелди.

Белгилей кетсек, Боронов биринчи вице-премьер кезинде бир тууган Матраимовдордун Кара-Суудагы иш-чарасына барганы коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Себеби ошол учурда Райым Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып, өкмөт менен соттошуп жаткан эле.

Андан кийин Алай районунун кире беришине ишкерлер тарабынан орнотулган арканын ачылышына да барып, тасма кескенине да сын айтылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0