Жээнбеков коронавирус жуктурган Назарбаев менен сүйлөшүп, абалын сурады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Назарбаевдин кыргыз менен казак элинин өнөктөштүк, коңшулук жана союздаштык жаатындагы кызматташууга кошкон салымын белгилеген.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн телефондон Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин абалын сурап, тезирээк айыгып кетишин кааларын билдирди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Назарбаевдин бүгүн COVID-19 инфекциясына чалдыкканы маалым болгон.

Жээнбеков Назарбаевдин эки өлкөнүн өнөктөштүк, коңшулук жана союздаштык жаатындагы кызматташууга кошкон салымын белгилеген.

"Алар коронавирусту жана анын кесепетин биргелешип гана жеңе ала турганын айтышты. Иш-аракеттер жарандардын ден соолугун сактоого жана мамлекеттердин экономикасын колдоого багытталышы керектиги белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Казакстанда коронавируска бир нече аткаминер чалдыкты. Алардын арасында президенттин маалымат катчысы, саламаттык сактоо министри, өкмөт башчынын орун басары жана депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0