Премьер-министр Кубатбек Боронов

Боронов өкмөт аткара турчу пландарын тизмектеп берди

316
(жаңыланган 09:32 19.06.2020)
Өкмөт башчы коронавирус эпидемиясы дүйнө экономикасына, анын ичинде Кыргызстанга да олуттуу өзгөртүү киргизгенин баса белгилеген. Мындан улам экономикалык программасын жана планын кайра карап чыгып жатканын айткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик орган жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктарды айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Боронов коронавирус эпидемиясы дүйнө экономикасына, анын ичинде Кыргызстанга да олуттуу өзгөртүү киргизгенин баса белгилеген. Мындан улам экономикалык программасын жана планын кайра карап чыгып жатканын айткан.

Премьер-министр белгилеген өкмөттүн артыкчылыктары:

  • Экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ички дүң продукцияны болжолдонгон 5,3 пайыздан ылдый түшүп кетпешин камсыз кылуу;
  • бюджеттин кыскартылган пландарын толугу менен аткаруу жана кошумча каражат табуу;
  • бюджеттин тартыштыгын болжолдонгон 4,7 пайыздан ашып кетпөөсүн камсыз кылуу;
  • жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылга белгиленген иш-аракеттер планын кайра карап чыгуу жана аны ишке ашыруу;
  • ишкерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу, пандемиядан жабыр тарткан жеке ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъектилерге, ири бизнеске өкмөттүн антикризистик планынын алкагында 14 миллиард сомдон кем эмес суммада каржылык жактан колдоо көрсөтүү;
  • экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын үчүнчү пакетин иштеп чыгып бекитүү. (Экспорттук потенциалды күчөтүү, атамекендик ишкерлерди колдоо, импортту алмаштыруу саясатын активдүү жүргүзүү, экологиялык таза продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторду өздөштүрүү, бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү);
  • экономиканы фискалдаштыруу системасын өркүндөтүү (электрондук эсеп-фактураларын колдонуу, бардык май куюучу станцияларга эсепке алуунун автоматташтырылган системасын милдеттүү түрдө колдонуу, тамеки жана ичимдик продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө киргизүү, бажы системасында башталган конкреттүү иштерди улантуу, көмүскө экономика менен күрөшүү, салыктык башкаруу иштерин жакшыртуу);
  • салык режимдеринин түрлөрүн кыскартуу жана салык жүгүн төмөндөтүү;
  • чет элдик өнөктөштөр менен тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүү;
  • аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чарларды улантуу;
  • санариптештирүү багытындагы иштерди күчөтүү ("Коопсуз шаар"долбоорунун 2-этабын аягына чыгаруу, электрондук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү, өлкөнүн бардык аймактарын интернет менен камсыздоо, маалыматтар базаларын иштеп чыгып "Түндүк" системасына кошуу);
  • бюджетти толтуруу үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышын камсыз кылуу.

Премьер-министр жетекчилерден мындай оор шартта натыйжалуу ишти, жоопкерчиликти талап кыла турганын баса белгилеген.

316
Белгилер:
тизме, план, программа, Кубатбек Боронов, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Боронов премьер катары биринчи кеңешме өткөрдү. Сүрөт
Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко. Архивдик сүрөт

Путин менен Лукашенко Беларустагы кырдаалды талкуулашты

84
(жаңыланган 17:20 15.08.2020)
Буга чейин Лукашенко өлкөсүндөгү башаламандыктар Беларуска гана эмес, бүткүл союздук мамлекеттерге коркунуч туудура турганын айткан.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россия менен Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости жазды. 

Мамлекет башчылар Беларустагы кырдаалды талкуулашты.

Буга чейин Беларусь лидери өлкөгө каршы "агрессия күч алууда" деп айткан. Ал белгилегендей, президенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки башаламандыктар Беларуска гана эмес, бүткүл союздук мамлекеттерге коркунуч туудурат.

Беларус президенти өлкөдөгү кырдаалга "тышкы кийлигишүүнүн элементтерин" көргөнүн, ошондой эле социалдык тармактарда элдин оюн бузган фейктер бар экенин айткан. Ал мунун баарын кесипкөй адамдардын иши катары баалаган.

Лукашенко өлкөдөн чыгып кеттиби? Атаандашы Тихановская элге кайрылды

Эске салсак, Беларусь республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тартты.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканы белгилүү болгон.

84
Белгилер:
кырдаал, талкуу, сүйлөшүүлөр, Александр Лукашенко, Владимир Путин, Беларусь, Россия
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен
Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык врачтарды кабыл алганда. Архивдик сүрөт

Жээнбеков: татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы мамиле чыңдалды

45
(жаңыланган 15:54 15.08.2020)
Өлкө башчы Россиядан келген медиктердин ишине токтолуп, абдан жакшы колдоо болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ушул татаал мезгилде өнөктөш өлкөлөр менен бири-бирибизди колдоо, жардам берүү күчөдү десем болот. Жалпы эле адамзат сыяктуу мына ушундай татаал мезгилде өлкөлөр ортосундагы гуманитардык мамилелер чыңдалды десем жаңылышпайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек куруп жатып айтты.

Мамлекет жетекчиси өз сөзүндө Кыргызстан алыскы, жакынкы өнөктөш мамлекеттердин, коңшу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын чоң колдоосун сезгенин белгиледи.

"Россиядан келген медиктер биздин дарыгерлерибиз менен эриш-аркак иштешти. Бул абдан жакшы колдоо болду. Covid-19 илдети менен күрөш башталган алгачкы күндөн тартып Россиянын, президент Владимир Путиндин жеке колдоосу чоң болду", — деди Жээнбеков.

Ал аталган өлкө коронавируска каршы алгачкы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн белгилеп, бул вирус менен күрөшүүдөгү абдан чоң бурулуш экенине токтолду.

Жээнбеков: бирөөнү суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин

"Ушул окуя менен биздин стратегиялык өнөктөш, союздаш өлкө Россия Федерациясын чын дилимден өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан куттуктайм. Ийгиликтүү болуп, дүйнө эли бул илдеттен арылабыз деп үмүт артып турабыз", — деди президент.

Эскерте кетсек, 11-август күнү Владимир Путин Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы чыгарылган вакцина каттоодон өткөнүн, ага "Спутник V" деген аталыш ыйгарылганын жар салган болчу.

45
Белгилер:
коронавирус, Кыргызстан, Россия, вакцина, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
COVID-19: россиялык вакцинанын каршы көрсөтмөлөрү айтылды
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко с сестрой бойцом UFC Антониной Шевченко во время тренировок

Алгачкы жолу! UFC эже-сиңди Шевченколорду бир турнирде октагонго чыгарат

0
Валентина мелдеште чемпиондук наамын коргосо, эжеси Антонина рейтинг үчүн кармаш өткөрөт. Анын атаандашы ушул сааттарда белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жетекчилиги эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколордун катышуусунда өзгөчө беттеш даярдап жатканын MMA Uno спорттук порталы жазды. 

Маалымат боюнча, алгачкы жолу бир тууган кыздар чогуу турнирде беттешет. Кармаштар ушул жылдын 21-ноябрында UFC 255 турниринин алкагында өтмөкчү.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Спорттук иш-чаранын башка беттештеринин биринде Валентина бразилиялык Женнифер Майя менен кармашып, чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калганга жан үрөйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от World of MMA (@worldofmma.cz)

Ошол эле убакта Антонина бразилиялык дагы бир мушкер Ариана Липски менен күч сынашат.

Соңку беттешинде 35 жаштагы Антонина калыстардын чечими менен америкалык Кэтлин Чукагянга утулган.  Анда дагы промоутерлик компания өзгөчө беттеш тартуулаган. Тагыраагы, Валентинага утулган Чукагян анын эжеси менен жолуккан болчу.

0
Белгилер:
турнир, беттешүү, Антонина Шевченко, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты