Коопсуздук кеңеш COVID-19 боюнча кандай чечимдерди кабыл алды. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздук кеңештин жыйынында бир катар чечимдер кабыл алынып, Саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик органдардын ишин жетишсиз деп баалашты.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Коопсуздук кеңеш чакан курамда чогулуп, Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу маселелерди карады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда коронавирустук инфекциянын жайылып кетүүсүн болтурбоо үчүн буга чейин аткарылган жана эми жасала турган иштер боюнча вице-премьер Аида Исмаилова менен саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун докладын угушту.

Жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, Саламаттыкты сактоо жана башка мамлекеттик органдардын иши жетишсиз деп табылды.

"Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иши жетишсиз деп таанылды. Премьер-министр Кубатбек Бороновго 22-июнга чейинки мөөнөттө өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды", — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары саламаттык сактоо министрине Коопсуздук кеңешинин сунуштамаларын, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын чечимдерин өз убагында аткарбоого жол берилбестиги боюнча эскертүү берилди.

2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө өкмөткө берилген сунуштар:

  • коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чараларды ишке ашырууну караган Коопсуздук кеңештин 2020-жылдын январынан тартып апрель айында кабыл алынган чечимдерин аткаруу;
  • коронавирустук инфекция менен ооругандарды госпитализациялоо үчүн жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдылган кошумча койкаларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу;
  • өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна чара көрүү системасын өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу;
  • 2020-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү жеткирүүнү камсыз кылуу:
  • 12 айга бардык муктаждыктарды канааттандырган жеке коргонуу каражаттарын жана дезинфекциялоо каражаттарын;
  • коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча анализдерди жүргүзүү үчүн, алардын запастарын ар дайым толуктап туруу менен, жетиштүү сандагы тест-системаларын;
  • коронавирустук инфекциянын тарашын алдын алууга багытталган, анын ичинде медициналык кызматкерлерге компенсацияларды өз убагында төлөө менен байланышкан бардык иш-чараларды толук каржылоону камсыз кылуу;
  • Кыргызстандыктарга келип жаткан гуманитардык жана финансылык жардамдын көлөмү жана саны, аларды бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө маалымдап берип туруу;
  • үч күндүк мөөнөттө Кыргызстанда туристтик сезон мезгилинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган иш-чаралар планын жана тиешелүү иш-аракеттер алгоритмдерин бекитүү;
  • калкты массалык түрдө камтуу принциби боюнча гриппке каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө, салтанаттарды (үйлөнүү той, туулган күн жана башка) жана эскерүү иш-чараларына көп конокторду чакырууга тыюу салууну күчүндө калтыруу;
  • тобокел тобунда болгон пенсиялык курактагы адамдардын арасында өзүн-өзү обочолоо зарылдыгы жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жарандарга коомдук жайларда көп адамдар менен чогулбоону, медициналык маска кийүү режимин, социалдык аралыкты сактоону сунуштоо.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөр сунушталсын:

  • "Жарандык коргонуу жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргызстандын мыйзамдарынын жана өзгөчө кырдаал режиминин алкагында тапшырылган аймактарда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө багытталган тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
  • коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү, анын ичинде бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана сунуштамаларды милдеттүү түрдө катуу сактоо жөнүндө калк арасында пропагандалоону активдештирүү;
  • өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоого багытталган иш-чараларды ишкердик субъектилердин арасында туруктуу негизде жүргүзүп туруу;
  • коомдук транспортко элди 60-70 пайыздан ашырбай ташууга жана анда медициналык бет каптардын милдеттүү түрдө колдонулушуна мониторинг жүргүзүү иштерин күчөтүү.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигине төмөнкү сунуштар берилди, анын ичинен төмөнкүлөрдү көбөйтүү:
  • квалификациялуу медициналык кадрлардын резервин;
  • келип түшкөн чакырыктарга ыкчам чара көрүү үчүн мобилдик бригадалардын жана тез жардам автоунааларынын санын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандар көп чогулган жерлерде (соода-рыноктук комплекстер, коомдук тамактануучу жайлар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар) контактысыз термометрияны жүргүзүү менен "кирүү фильтрин" уюштуруу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген сунуштамалар:

эпидемиологиялык кырдаалы начар өлкөлөрдөн келип жаткан Кыргызстан жарандарынын саны көбөйгөн учурда обсервациялоо үчүн кошумча орундарды;

жогорку даярдыкта жана өзгөчө кырдаалда обсервацияга алуу менен убактылуу башпааналатуу шартында адамдарды күтүү жана кошумча жайларды ачуу боюнча туруктуу иштеген механизмдерди иштеп чыгуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0