Кыргызстандын премьер-министринин маалымат катчысы Адилет Султаналиев. Архивдик сүрөт

Абылгазиевге маалымат катчы болгон Адилет Султаналиев кызматтан кетти

253
(жаңыланган 13:17 22.06.2020)
Султаналиев Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министр болуп дайындалгандан бери маалымат катчысы болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министринин маалымат катчысы Адилет Султаналиев кызматынан кетти. Бул кабарды өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, Султаналиев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Адилет Султаналиев Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалгандан кийин, тагыраагы, 2018-жылдан бери өкмөт башчынын маалымат катчысы болуп иштеп келген.

253
Белгилер:
кызмат, Адилет Султаналиев, премьер-министр, маалымат катчысы
Тема боюнча
Абылгазиев кол алдындагылар менен коштошуп, ийгиликтерин атады
Боронов өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын колго алды. Жээнбековдун Жарлыгы
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Сапар Исаковго издөө жарыяланды. ШИИБ Инандыга паспорт берүү ишин тергеп бүттү

39
(жаңыланган 19:30 18.09.2021)
Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелер ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы Сапат лицейлер мектебинин президенти Орхан Инанды жана Түркияда туулган он адамга кыргыз паспортун берүү фактысы боюнча тергөөнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Кечээ аталган кылмыш иши боюнча абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы шектүү катары кабарлама тапшырылган.

Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелери ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.

"10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген", — деп билдирди ШИИБ.

Бул кылмышка шектелип жатканы туурасында мурдагы премьер Сапар Исаковго, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге, УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге, Калктын жарандык абалынын актыларын жана калкты каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиевге, Мухаббат Пратовага, Г. М. Бердигуловага, Э.М. Апиловго кабарлама берилген.

Исаков менен Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

ШИИБ Атамбаевге 15-сентябрда 319-берене ("Коррупция") боюнча шектүү катары кабарлама тапшырылып, 16-сентябрда айыптоо актысы чыгарылганын белгиледи. Тергөөнүн материалдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

39
Белгилер:
Орхан Инанды, Түркия, жарандык, кылмыш иши
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу
Тема боюнча
Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүү: дагы бир кызматкер камакка алынды
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбеков. Архив

300 миң доллар пара алды делген экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды

16
(жаңыланган 19:31 18.09.2021)
Тергөө иштеринин жана алынган далилдердин натыйжасында 16-сентябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү боюнча өндүрүш ачылган

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Былтыркы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат убадалап, пара алды деген шек менен кармалган "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, Ч.Р. аттуу экс-депутаттын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайына калтыруу өкүмүн чыгарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Ч.Р. 2020-жылкы парламенттик шайлоодогу коррупциялык иштер боюнча шектелип кармалган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алганы айтылган.

Тергөө иштеринин жана алынган далилдердин натыйжасында 16-сентябрда Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") боюнча өндүрүш ачылган.

Кармалган Ч.Р. аттуу экс-депутаттын инициалы өткөн жылдын июнь айында мандатын тапшырган "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Руслан Чойбековдун аты-жөнү менен дал келүүдө.

Баса, ушул эле ишке тиешеси бар деген шек менен бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. кармалды.

 

16
Белгилер:
УКМК, депутат, мандат, коррупция
Тема боюнча
Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

Ошто бүгүн мэр баштаган 25 миң адам шаарды тазалоого чыкты. Видео

0
Бүгүн Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик болуп өттү. Мэриянын маалымат кызматы шаарды тазалоого 25 миңден ашуун адам чыкканын билдирди.

Калаа мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын аппараты, шаардык кеңештин эмгек жамааты, шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, жеке ишканалардын кызматкерлери, спортчулар, журналисттер активдүү катышкан.

Анын алкагында 2100 куб метр таштанды чогултулганы айтылды.

Шаар башчысы Навои паркынын жанындагы Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнүн тегерек-четин тазалаган.

0
Белгилер:
ишембилик, тазалоо, Ош шаары, Алмаз Мамбетов
Тема боюнча
Майрамдан кийин "Ала-Тоодон" канча таштанды чыкты. Сүрөт
Ошто Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу каралууда