Эч кимге карызым жок! Жээнбеков колдоого алды делген партиялар боюнча жооп берди

Жазылуу
Президент пандемияга жана алдыдагы шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бүгүн өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Тиги же бул партия президенттин колдоосун алыптыр деп айтылган кептер чындыкка коошпойт. Бул туурасында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттке кайрылуу жасап жатып билдирди.

Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды

Жээнбеков бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.

“Эл арасынан “тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен” деген сөздөрдү угуп жатам. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушу мүмкүн. Бирок президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Менин тирегим — эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Бир Кудайга, анан элиме ишенем. Менде мына ушундай ички эркиндик бар”, — деп эскертти мамлекет башчы.

Ошондой эле президент шайлоодон кайсы партия жеңип келбесин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даяр экенин айтып өттү.

Боронов башында турган жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте ант берди

Белгилей кетсек, президент бүгүн парламентте жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Андан соң пандемияга жана алдыдагы шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0