Ак үй

Буга чейин айтпай келгем. Жээнбеков тышкы саясаттагы көйгөйдүн чекесин чыгарды

(жаңыланган 14:01 30.06.2020)
Президент тышкы саясат маселесин буга чейин эч жерде айтпай келгенин, бүгүн гана айтууну чечкенин белгилеп өттү.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президенттикке келгенде тышкы саясатта чиеленишип калган маселелерди, коңшулар менен акыркы жылдары курчуп кеткен мамилелерди жөнгө салууга бир жыл убакыт кетти. Бул туурасында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды

Президент бул маселени буга чейин эч жерде айтпай келгенин, бүгүн гана айтууну чечкенин белгилеп өттү.

“Буга чейин эч жерде айткан эмес элем, бүгүн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин. Тышкы саясаттагы түйүн болуп калган маселелерди чечүүгө көп убактымды жана энергиямды короттум. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” демекчи, коңшуларыбыз менен мамилени түздөп, алардын ишенимин бекемдөө аракетине менин президенттик алгачкы бир жылдык убактым кетти. Кайсы өлкөгө барбайын, чечилбей келе жаткан майда жана ири маселе, күмөн саноо турду”, — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарга таянган жаңы прагматикалык тышкы саясаты бир нукка салынганын айтты. Ал эми коңшу Тажикстан жана Казакстан менен болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн бир нече жолун издеп жатканын белгиледи.

“Союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен алакабыз бекемдеп, Батыш Европа жана Араб өлкөлөрү менен болгон мамилелер жаңы деңгээлге чыкты. Азырынча чек ара маселеси өзгөчө тажик багытында татаал бойдон калууда. Казак боордошторубуз менен ЕАЭБде чогуу болсок да көйгөйлөр чыгып турат. Түшүнүп турам, элибиз ыкчам чечүүнү талап кылат. Бирок бул канчалык олуттуу жана татаал экенин сиздер жакшы билесиздер. Бул маселе мамлекет башчылары менен жолуккан жерден, кайсы аянтча болбосун козголот. Президент катары муну дайыма көкүрөгүмө түйүп келем”, — деди өлкө башчы.

Эч кимге карызым жок! Жээнбеков колдоого алды делген партиялар боюнча жооп берди

Ошондой эле ал бул иштер куру кыйкырыкты эмес, кылдаттыкты талап кыларын эске салды.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Андан соң пандемияга жана алдыдагы шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Белгилер:
көйгөй, чек ара, Тажикстан, Казакстан, тышкы саясат, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Айды алып берем дебей... Жээнбеков шайлоодо кандай убада берүү керектигин айтты
Кара деңиздеги РФтин Каспий флотилиясы

Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

(жаңыланган 22:31 20.04.2021)
Түштүк-батыш стратегиялык багытка карата кандай коркунуч болбосун ыкчам чара көрүүгө даярдыгын Россия Кара деңиздеги кадамы менен көрсөттү.

РФтин Каспий флотилиясы, Балтия жана Түндүк флотторунун ракеталык, артиллериялык жана десанттык кемелери аталган чөлкөмгө жеткирилди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Россиянын ушул аракетине баам салган.

Каспий флотилиясынын 15 кемесинен турган топ 17-апрелдин таңында Керчен кысыгы аркылуу Крым көпүрөсүнүн алдынан сүзүп өтүп, Кара деңизге карай багыт алды. Ошол эле күнү Босфор булуңунан Кара деңизге РФтин Түндүк флотунун ири десанттык кемелери – "Александр Отраковский" жана "Кондопога", андан соң Балтия флотунун ушундай эле "Калининград" жана "Королёв" кемелери жөнөдү.

Жети десанттык ири кемени кошкондо Кара деңизде россиялык мындай жети бирдик бар, штаттык курал жана зооттолгон техника (100 танктан өйдө) үч миң чакты деңиз пехотачыларын бортуна жайгаштыра алат. Ошону менен бирге эле десанттык катерлерди да унутта калтырган болбойт.

Каспий флотилиясынын, Балтия жана Түндүк флотунун күчтөрү Кара деңиз флоту менен биргеликте жоопкерчилик жүктөлгөн аймактагы катаал жагдай эске алынып уюштурулган ири машыгууларга катышат. "Калибр" канаттуу ракеталары менен 2000 чакырымдык радиустан "ливиялык сценарийди" же "чөлдөгү бороонду" уюштуруп, башкача айтканда, европалык өлкөлөрдүн аймагындагы агрессорду кыйратып коё алчу дараметке ээ.

Ошондой эле Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясынын деңиз пехотасы жана жээктеги күчтөрүнүн бөлүктөрү да тартылган. Россиянын түштүк-батыштагы чек араларына аталган мамлекеттин жалпы күчтөрүнүн эки армиясы жана аба-десанттык күчтөрдүн үч дивизиясы, Түштүк аскердик округунун сокку уруучу авиациясы да жеткирилген. Крым тобу кургакта, деңизде жана абада болжолдуу душмандын деңиз жана аба десанттары менен "айыгышкан кармашка" машыгууда.

Батыштын кысымына жооп

Чыгыш Европада 26 өлкөдөн 30 миң жоокер катыша турган Defender Europe 21 машыгуусунун Кара деңиздеги активдүү фазасы май айына коюлган. Ал убакка дейре британ аскердик кемелери, атап айтканда, эсминец жана кайыктарга каршы фрегат келет. Негизинен алар ракетага каршы коргонуучу америкалык "Гарпун", аэродинамикалык бутасын 80 чакырымга чейинки аралыктан кыйратуучу Sea Wolf зениттик ракеталык комплекстери менен жабдылган. Кара деңиз акваториясында британиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Жер ортолук деңиздеги "Королева Елизавета" авиа ташуучусунун бортунан көп буталуу F-35 истребитель-бомбалоочуларын колдойт.

Донбасста курчуп турган абалдан улам РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ жана анын союздаштары Украинаны Крымга карата чагымчылыкка шыкактап жатканын билдирген эле.

Россиянын быйыл 21-апрелден 31-октябрга чейин пландалган аскердик окуулары Кара деңиздеги бир нече районду чет өлкөлүк аскердик-деңиз күчтөрү үчүн жабат. Кеме өтүүчү үч тилке, атасак, Крымдын түштүк жээги (Севастополдон Гурзуфка чейинки), Керчен жарым аралындагы жээктеги жана Крымдын батышында деңизге малынып турган чакан тилкеде ушундай бөгөт коюлган. Эске салсак, бардык чектөөлөр РФтин территориалдык сууларынын ичинде гана, ошону менен бирге эле эл аралык эрежелерге шайкеш, Керчен кысыгындагы жарандык кемелердин өтүшүнө жолтоо болбойт.

Украинанын куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стандарттык окууларына Россия Крымдын жээктериндеги таамай тийчү канаттуу ракеталар менен сокку уруучу күчтүү кеме тобун, Кара деңиз флоту жана Түштүк десанттык округдун "аба армадасын" түзүү менен жооп кылып, жабдылбаган жээкке жеткирүү менен өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.

Мурдараак Кара деңиз акваториясын Түштүк аскердик округунун авиациясынын жана Кара деңиз флотунун Деңиз авиациясынын биргелешкен ири машыгуулары башталып, анда фронттук Су-24М жана Су-34 бомбалоочу учактары, көп буталуу Су-27СМ жана Су-30СМ болушунча пас бийиктиктеги деңиз буталарын карай ракета кое берүү жана бомбалоого машыгып, ошондой эле Кара деңиз флотунун кемелерин калкалап жана коштоо менен алек болушат.

Кара деңиздеги Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катаал үстөмдүгү шартында "Европанын коргоочулары" күч жана каражаттардын машыгуусунда кескин түрдө чектелген. Defender Europe 21 окуусунун пландарына түзөтүү киргизилери шексиз, антсе НАТО боюнча "улук өнөктөштөрдүн" кадыр-баркы түшөт. Пентагондун "кеме өтүүдөгү эркиндиктин" кыйрашы жөнүндөгү кооптонгон билдирүүлөрү ушундай жагдайдан улам экени түшүнүктүү. Кантсе да октябрь айында аймактагы кырдаал калыбына келип калары айкын.

Белгилер:
десант, НАТО, Россия, аскер-деңиз флоту, Кара деңиз
Тема боюнча
"НАТОнун иши": россиялык чек араларда эмне башталмакчы? Сереп
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров 19 судьяны дайындады. Тизме

(жаңыланган 00:40 21.04.2021)
Президентке 20 талапкер сунушталган. Алардын 19у судьялык кызматка бекитилди. Ал эми бир талапкер боюнча материал кеңешке кайтарылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 19 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президенттин дарегине Чүй жана Ош облустарынын айрым райондук сотторго судьяларды дайындоо үчүн 20 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.

"Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Ата райондук соту:

  • Садыков Урматбек Асанбекович.

Кара-Суу райондук соту:

  • Анарботоева Бүбүсара Рустамовна;
  • Сооронбаев Нурланбек Курманбекович;
  • Токтомаматов Кыялбек Жантороевич.

Араван райондук соту:

  • Сарыбаев Бакытбек Адилбекович.

Ноокат райондук соту:

  • Бодоев Абдимавлян Көкөнович;
  • Жусупбаев Шумкарбек Болотбекович;
  • Матраимов Бахтияр Шамшиевич;
  • Омуралиев Бакытбек Эмилбекович.

Өзгөн райондук соту:

  • Абдыкаров Өткүрбек Сыдыкалиевич;
  • Артыкова Нуржамал Момунжановна;
  • Каримбаева Чолпон Маматеминовна;
  • Сарыбаев Омурбек Рыскулович;
  • Шаматов Улан Шайлообекович.

Ош шаардык соту:

  • Авазов Мирзат Абдисатарович;
  • Батырбеков Жаналы Мамытович;
  • Матисаков Кадырбек Монокбаевич;
  • Омурзакова Арапатхан Абдылдаевна;
  • Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Белгилер:
дайындоо, тизме, судья, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт
Ооруканада палатадагы капельница. Архив

Бишкекте уу коргошунга ууланып төртүнчү бейтап ооруканага түштү

(жаңыланган 22:48 20.04.2021)
Учурда бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ушуну менен борбор калаада уу коргошунга ууланган төртүнчү бейтап катталганы маалым болду. Бүгүн аталган ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлган.

Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады. 

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.

Белгилер:
Бишкек, уулануу, бейтап, оорукана, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги