Жогорку Кеңештин шайлоо босогосун азайткан мыйзамга Жээнбеков кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам быйылкы жылдын 18-июнунда кабыл алынган. Эми ал расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизген "Кыргыз Республикасынын президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине өтүүсү үчүн 9 пайыздык шайлоо тосмосун 7 пайызга түшүрүү максатында кабыл алынган.

Парламент өнүгөт! Зулпукаров шайлоо босогосун 11 пайыз кылуу керектигин айтты

Бул максатта конституциялык мыйзамдын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүүлөр киргизилген.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0