Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин. Архив
Россия лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчи орун басары башында турган дарыгерлер делегациясы келип, COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн тест-системаларды тапшырышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу баарлашканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жээнбеков Путинди Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүнүн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жээнбеков парламенттик шайлоо өткөрүү жарлыгына кол коюп, күнүн белгиледи

"Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыктарды камтыган кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жээнбеков ошону менен катар Путинге коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Роспотребнадзордун жетекчи орун басары башында турган дарыгерлер делегациясы келип, COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн тест-системаларды тапшырышкан. Тест-системалар Россиядан даярдалып, топтом 18 миң изилдөө жүргүзүүгө жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0