Үгүт иштерин жүргүзүп жаткан адам. Архив

Кыргызстанда шайлоо камы башталды. Ким, эмнеге даяр болушу керек

(жаңыланган 14:06 04.07.2020)
БШК шайлоочулардын укуктары, Жогорку Кеңешке аттанган саясий партиялардын катышуу эрежелери боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) парламенттик шайлоо кандай тартипте өтө турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Анын алкагында БШК шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча календардык план бекиткен.

Шайлоочулар жөнүндө

Биринчи этапта шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү каралган. БШКнын маалыматы боюнча, өлкөдө 3 миллион 407 миң 895 шайлоочу бар. 2015-жылдагы Жогорку Кеңешти шайлоого салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 624 миң 240 адамга көбөйгөн.

Шайлоочулардын арасында бар экениңизди 16-июлдан тарта алдын ала түзүлгөн тизмеден www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу же 26-июлдан тарта шайлоо участкасынан текшере аласыз.

Эгер жаран шайлоо участкасын өзгөртүүнү кааласа 26-июлдан 20-сентябрга чейин аталган жерге же www.tizme.gov.kg порталынан шайлоочунун кабинети аркылуу кайрылса болот. 28-сентябрга чейин жарандардын акыркы тизмеси илинет.

Жээнбеков БШК төрайымы менен шайлоого даярдыкты талкуулап, милдеттерди атады

Партиялар жана талапкерлер тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жөнөтүү башталды, бул өнөктүк 20-августка чейин уланат. Ал эми депутаттарды каттоо 4-сентябрда жыйынтыкталат.

Шайлоонун үгүт иштерин 4-сентябрдан 3-октябрь саат 8:00гө чейин өткөрүүгө уруксат берилди. Партияларга акы төлөнүүчү эфирдик убактылар берилет, үгүт материалдарын илүүгө атайын жайлар бөлүнөт, шайлоочулар менен жолугуу жана үгүт иштерин өткөрүүсүнө мамлекет шарт түзүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн www.shailoo.gov.kg сайтына партиялардын программасын, талапкерлердин тизмесин жарыялайт. Ошондой эле шайлоо фондуна түшүп жаткан каражаттар жана канчасы чыгымдалганы дагы көрсөтүлөрү айтылат.

БШК 21 млн. сомго тендер жарыялады. Акча эмнеге жумшалат?

28-сентябрга чейин шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана расмий тилинде даярдалат.

Шайлоого бир күн калганда добуш берүүнү уюштуруу иштери саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. 4-октябрда саат 8:00дөн 20.00гө чейинки мезгил добуш берүү убактысы деп бекитилди. Процедураларга ылайык, жыйынтыгы 25-октябрга чейин белгилүү болушу керек.

БШКнын кыргызстандыктарга, партияларга жана ЖМКларга жасаган кайрылуусун толугу менен комиссиянын сайтынан окуй аласыздар.

Белгилер:
Кыргызстан, үгүт, тизме, шайлоочу, саясый партия, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Эч кимге карызым жок! Жээнбеков колдоого алды делген партиялар боюнча жооп берди
Айды алып берем дебей... Жээнбеков шайлоодо кандай убада берүү керектигин айтты
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү

Билбей туруп мени сындап жатышат. Ташиев чек ара маселеси боюнча

(жаңыланган 18:19 10.04.2021)
УКМК төрагасы кабыл алынган протоколдон шек жаралбашы үчүн бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 25-мартта Ташкентте кол коюлган протокол талкууга алынды.

  • Заседание правительственной комиссии по приграничным вопросам в Бишкеке
    Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Глава правительственной делегации Кыргызской Республики по делимитации и демаркации государственной границы -  председатель ГКНБ КР Камчыбек Ташиев провел заседание правительственной комиссии по приграничным вопросам.
    Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 25-мартта Ташкентте кол коюлган протокол талкууга алынды.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
"Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары да ушундай болот. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракет жумшап жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары чоң жоопкерчиликти алдым. Убакыт бардыгын өз ордуна коюп, бул тарыхый чечим болгондугун айтышат", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кабыл алынган протоколдон шек жаралбашы үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылчылыгын белгилеген.

Аны менен катар мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин тездетүүгө тапшырма берген. 

Белгилер:
түшүндүрүү иштери, кыргыз-өзбек чек арасы, чек ара, УКМК, Камчыбек Ташиев
Тема боюнча
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги
Офисте отурган аял. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 5 300 аял айылдык кеңештин депутаттыгына аттанды

(жаңыланган 13:22 10.04.2021)
Өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга 5300 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.

"Шаардык кеңешке пропорционалдык система менен шайлоо (партиялык тизме) болгондуктан аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары өзүн-өзү көрсөтүү менен мажоритардык системада шайланат. Буга чейин аял депутаттардын саны тогуз пайызды гана түзгөн. Мындан улам айылдарда дагы 30 пайыздык квота киргизилген. Учурда аялдар үчүн бөлүнгөн 2 900 мандатка 5 300 талапкер ат салышууда", — деди Шайлдабеков.

Айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.

Мындан сырткары, 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.

Белгилер:
депутат, Кыргызстан, аял, жергиликтүү кеңеш
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды

Атаандаштарын ары-бери тоголотуп. Айперинин беттештеги видеосу

(жаңыланган 23:05 10.04.2021)
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.

Айпери кыздар күрөшүнүн эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашты. Үчүнчү турда индиялык балбан кыз Пуджа Пуджа менен кез келип, аны 10:0 эсебинде утту.

Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.

Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, мелдеш, Олимпиадалык оюндар, лицензия
Тема боюнча
Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат
Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди