Президент Жээнбеков Трампты АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады

© REUTERS / TOM BRENNERАКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан президенти Трампка бекем ден соолук жана ийгилик, АКШ элине тынчтык менен өсүп-өнүгүү каалаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Американын президенти Дональд Трампты АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, КРдин президенти Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы болгон көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем. Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен алаканы чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет", — деп жазылган куттуктоодо.

Жээнбеков Путин менен сүйлөшүп, жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Жээнбеков ошондой эле Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0