Матвиенко Чыныбай Турсунбековдун туугандарына жана ЖК төрагасына көңүл айтты

© Фото / Пресс-служба Совета Федерации РФ / Медиабанкка өтүүРФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко
РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матвиенко жана анын кесиптештери Чыныбай Турсунбековдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирген. 

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков 6-июль күнү пневмониядан каза болгон.

Анда ЖКнын мурдагы төрагасы Турсунбековдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыктарын билдиришкен.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Биз Чыныбай Акуновичтин парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Анткени ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ишине Кыргызстандын парламенттик делегациясынын жигердүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурчу. Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеӊеши аталган асыл инсанды эч качан унутпайт", — деп айтылган телеграммада.

Матвиенко Турсунбековдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшкөн.

"Федерация кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, урматтуу Дастанбек Артисбекович, жана Жогорку Кеңештин депутаттарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле Чыныбай Акуновичтин туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деген төрайым.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Өткөн суткада Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду.

Ушуну менен Кыргызстандын аймагында коронавирусту илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0