Аксынын акими алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековГора Унгар-Тоо на границе Кыргызстана и Узбекистана
Гора Унгар-Тоо на границе Кыргызстана и Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыманберди Досбаев аким болуп 2019-жылдын 12-мартында дайындалган. Өкмөттүн маалыматына ылайык, анын башка ишке өткөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Ыманберди Досбаев кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун кол койгон буйругуна ылайык, Досбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумушунан кеткен.

Экс-министр Эрлан Абдылдаев элчи болуп дайындалды

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен аталган райондун жетекчилигине Эсеналы Ормоналиев дайындалды.

Эскерте кетсек, Досбаев аталган кызматта 2019-жылдын март айынан бери иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0