Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов. Архив
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйындын күн тартибинде бир катар маселелер талкууланып, анын алкагында өкмөт башчы бир нече жолугушуу өткөрөт.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар.

Боронов Мишустин менен коронавируска каршы чараларды талкуулады

Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.

Кеңештин алкагында өкмөт башчынын бир нече жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0