Жигитчилик кылгыла! Жээнбеков шайлоону жылдыруу боюнча пикирин билдирди

Жазылуу
Президент саясий топторго кайрылып, мамлекеттин жана элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилбегенин эскертти.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алдыда парламенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеп чыгышкан.  

Мамлекет башчы сыноо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузууга чакыргандарды ээрчип кетүү менен укуктук мамлекетти куруу мүмкүн эместигин айтат.

“Ооба, азыр ар бирибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, ата-энебиздин ден соолугун ойлоп сарсанаабыз. Анын баарын түшүнүп турам. “Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат” деген суроо азыр жөндүү болуп, бул айрымдарга жагып жатат. Бирок, урматтуу мекендештерим, бардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылык болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз жана укуктук мамлекетпиз”, — деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин шайлоо босогосун азайткан мыйзамга Жээнбеков кол койду

Аны менен катар президент “Ата мекен” менен “Республика” партиясынын квотасы менен дайындалган БШК мүчөлөрүнө, депутаттарга, партиялаштарына жана күйөрмандарына кайрылды.

“Шайлоо өтпөшү керек” деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм”, — деди мамлекет башчы.

Мындан сырткары, Жээнбеков мамлекеттин жана элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилбегенин эскертти.

Соңунда өлкө башчы учурда илдет менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан жарандардын жаратмандык позициясына таазим этерин айтып, саясатчыларды алардан үлгү алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0