Президент "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамын артка кайтарат

Жазылуу
Өлкө башчы Кыргызстанга мындай мыйзам зарыл экенин, бирок ал дагы иштелип чыгышы керектигин билдирди.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамын артка кайтарат. Бул тууралуу өлкө башчы "Биринчи радионун" түз эфириндеги маегинде айтты.

Мамлекет башчысы документти толуктап, тереңирээк иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарып берүүнү чечкен.

"Мен бул мыйзам долбоорунун талкуусун көрдүм. Талкуу учурунда аталган мыйзамдын керек экени айдан ачык болду. Коомчулуктагы ар кандай пикирлерге карабай бул мыйзамды демилгелеген депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем. Мен мыйзам долбоорунун өзүнүн негизги философиясын колдойм, фейк маалыматтарга каршымын. Бирок бул мыйзамды дагы бышырыш керек", — деди президент.

Эмнеси жаман? Депутат соцтармакты чектеген мыйзамга каршы кесиптештерине таң калды

Өлкө башчы жалган маалыматка каршы мыйзам керек деп эсептейт. Бул боюнча президентке бир топ кайрылуулар болгон, арасында мыйзамга кол коюуну, ошондой эле вето коюуну өтүнгөн эки тарап бар.

"Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес, фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек. Мурда да айткам, азыр да айттым. Биздин коом ачык. Ким болбосун социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди же, тескерисинче, бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды. Бирок ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок. Эгерде кимдир бирөөнүн адамдык абийирине шек келтирбесе, тескери чакырыктар болбосо, ал, тескерисинче, мамлекеттик органдарга, мага жардам", — деди президент.

Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген.

25-июнда Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды кабыл алган. Ага 79 депутат макул болуп, 10 эл өкүлү каршы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0