Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

© Sputnik / Евгений ОдиноковӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалыматы боюнча Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кетти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгон.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев кызматынан бошотулуп, министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Ысык-Көлдүн башчысынын унаасына тагылган жасалма номер боюнча иш козголду

Анын ордуна буга чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп келген Балбак Түлөбаев барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0