Өкмөт: саламаттык сактоо министри Абдикаримов кызматтан кеткен жок

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеге ылайык, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда министр иштен кеткени тууралуу жазып чыгышкан.

Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

Өкмөттүн айтымында, министр ооруканадан айыгып чыкты. Учурда аралыктан иштөөдө, жакынкы күндөрү жумушка барат.

Эске сала кетсек, бир нече жума мурда cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдон пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаевден COVID аныкталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0