Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Добуш сатып алууга каршы күрөш. Жээнбеков мыйзамга кол койду

529
(жаңыланган 21:47 27.07.2020)
Мыйзамдын максаты — шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу экени айтылган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган. Анда Эреже Бузуулар, Жоруктар жөнүндө, Жазык жана Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилген.

Депутаттык мандат 1 млн. долларга чейин чыгат. Дастан Бекешев агынан жарылганда

"Кабыл алынган мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, бөгөт коюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу болуп эсептелет", - деп айтылган маалыматта.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөндөгүлөр каралган:

  • Эреже Бузуулар жөнүндө кодекске добуш берүүчүнүн шайлоо комиссиясына шайлоо дарегинин алмашкандыгы тууралуу анык эмес маалыматтарды билип туруп бергендиги үчүн, шайлоочунун жеке өзү же болбосо ортомчусу аркылуу акча же материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилген. Эгерде шайлоочу сунуш кылынган талапкер үчүн добуш берүүгө акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды таркатуу жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат;

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

  • Жоруктар жөнүндө кодекске административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу үчүн талапкер тарабынан анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти бергендиги үчүн жооптуу болот. Ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилген;
  • Жазык кодексинин 192-беренесинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигинин субъектилеринин тизмеси кеңейтилген;
  • Административдик-процесстик кодекстин 201-беренесинде шайлоо укуктары бузулгандыгы боюнча сотко арыз жазуу мөөнөтү эки күндөн үч күнгө узартылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирмекчи.

529
Белгилер:
мыйзам, шайлоо, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жигитчилик кылгыла! Жээнбеков шайлоону жылдыруу боюнча пикирин билдирди
Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов. Архив

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов кызматтан кеттиби? Расмий жооп

865
(жаңыланган 20:51 24.09.2020)
Матраимов аталган районду сегиз жылдан бери жетектеп келет. Бүгүн социалдык тармактарда анын кызматтан кеткени тууралуу кептер тарап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тарап жатат.

Облус жетекчиси Юсупов бул маалыматты төгүндөп, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыкканын билдирди.

"Арыз жазды деген маалымат жок. Ал киши отпускага кетти", — деди Юсупов.

Кабарчынын ал качан жана канча убакытка эс алууга кетти деген суроосуна "бүгүндөн тарта бир айга" деп жооп берди.

Тыңгылыктуу санариптеше албай жатабыз! Суракматов бир жетекчини кызматтан алды

Матраимов Кара-Суу районун 2012-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келет.

865
Белгилер:
Тилекбек Матраимов, аким, кызмат, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

161
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
161
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти