Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көлгө барат

Жазылуу
Иш сапардын алкагында президент Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Ак-Суу районундагы медицина жана айыл чарба объектилеринин жумушу менен таанышат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жумушчу сапар 3-4-августка белгиленген.

"Мамлекет башчы Каракол, Чолпон-Ата шаарларында жана Ак-Суу районундагы медицина жана айыл чарба объектилеринин жумушу менен таанышат. Ошондой эле калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун жүзөгө ашып жатканын көрүп келет", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин президент Талас облусуна иш сапары менен барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0