Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылкыбаев Ошко жетекчи болуп барганга чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп иштеген. Андан мурда Жогорку Кеңештин депутаты болчу.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жумушка ал 2018-жылдын июль айында келген.

Жылкыбаев өзү мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, шайлоого аттанууну чечкендигин билдирди.

"Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгында колумдан келишинче чын ниет менен элиме, анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга бар аракетимди жумшадым. Ушул уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым, тилеги жана ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Оштун элине таазим!", — деген Жылкыбаев.

Ошондой эле ал өзүнө жооптуу кызматты ишенип, колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине, ошондой эле облустун элине жана кесиптештерине ыраазычылыгын билдирген.

Жылкыбаев Ошко жетекчи болуп барганга чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп иштеп, бул аймакты 2017-жылдын март айынан тарта жетектеп келген. Ага чейин КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0