Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу

Жазылуу
Президенттин айтымында, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Бирок ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн маселе дароо чечилбей жатат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекеттик чек аранын айланасындагы чыр-чатак, маселелер боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өз оюн айтты. Өлкө башчы "Биринчи радиого" маек берген.

Анда журналист кече жакында кыргыз-тажик чек арасындагы жагымсыз окуяны эске салып, мындай учурларга качан чекит коюларын жана чек араны тактоо иштери кандай жүрүп жатканын сураган.

Жээнбеков белгилегендей, чек ара маселесин чечүүдө биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыктары эске алынышы шарт.

"Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда. Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Иш жакшы башталган, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Буюрса улантабыз", — деген президент.

Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардын абалы айтылды

Ал тажик лидери Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолугушпасын, чек ара маселесин дайыма талкуулай турганын айткан.

"Жылыштар бар, бирок маселе жогоруда айткандай, чечиле элек. Анткен менен эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар. Чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Вице-премьер Акрам Мадумаров ушул боюнча иштейт, ал мурда Баткенди башкаргандыктан көйгөйдү жакшы билет", — деди президент.

Ошондой эле чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш жерлерде социалдык-экономикалык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалаган. Мындай иштер бюджет тартыш болуп турганда дагы токтобойт деди.

Жаңылыктар түрмөгү
0