Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

© Sputnik / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн облус жетекчиси шайлоого аттанып жаткандыктан кызматтан кетүү арызын жазган. Өкмөт башчы анын арызын кабыл алып, милдетин орун басарына жүктөдү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп убактылуу Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Акылбек Осмоналиев башка ишке которулду

Эске сала кетсек, буга чейин Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев шайлоого аттанып жаткандыктан кызматтан кетүү арызын жазган.

Боронов анын арызын кабыл алып, убактылуу милдетин аткарат деп биринчи орун басары Байыш Юсуповду дайындады.

Жаңылыктар түрмөгү
0