Президент Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

Жазылуу
Мамлекет башчынын өлкө аймактарына иш сапары уланып жатканы белгиленди. Ал буга чейин Таласта, Ысык-Көлдө жана Ошто болгон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жээнбеков Талас элине баа берди. Жолугушуунун сүрөттөрү

Ошондой эле пандемия шартында ирригацияны жакшыртуу жана ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун кантип ишке ашып жатканын көрөт.

Мамлекет башчынын өлкө аймактарына иш сапары уланып жатканы белгиленди. Ал буга чейин Ошто, Таласта жана Ысык-Көлдө болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0