БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Күздөгү шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, үгүт иштеринде концерт, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.
Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме
"Шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөдө, стадиондордо концерт, театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай талаптар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамындагы өзгөртүүлөрдө киргизген. Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары эле катышат, үгүт ишине катыша албайт", — деп БШКдан маалымдашты.
Добуш сатып алууга каршы күрөш. Жээнбеков мыйзамга кол койду
Борбордук шайлоо комиссиясынан талапкерлердин үгүт иштерине теледен берилүүчү акысыз убактысы узартылгандыгын кошумчалады.
Буга чейин бир катар маданият кызматкерлери депутаттыкка талапкерлердин үгүт ишине катышпай турганын билдирип чыгышкан.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтүп, эл Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын тандайт.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 25-мартта Ташкентте кол коюлган протокол талкууга алынды.
"Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары да ушундай болот. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракет жумшап жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары чоң жоопкерчиликти алдым. Убакыт бардыгын өз ордуна коюп, бул тарыхый чечим болгондугун айтышат", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал кабыл алынган протоколдон шек жаралбашы үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылчылыгын белгилеген.
Аны менен катар мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин тездетүүгө тапшырма берген.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга 5300 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.
"Шаардык кеңешке пропорционалдык система менен шайлоо (партиялык тизме) болгондуктан аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары өзүн-өзү көрсөтүү менен мажоритардык системада шайланат. Буга чейин аял депутаттардын саны тогуз пайызды гана түзгөн. Мындан улам айылдарда дагы 30 пайыздык квота киргизилген. Учурда аялдар үчүн бөлүнгөн 2 900 мандатка 5 300 талапкер ат салышууда", — деди Шайлдабеков.
Айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.
Мындан сырткары, 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.
Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.
Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды.
Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.