ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Жогорку Кенеш в Бишкеке
Работа Жогорку Кенеш в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин берүүгө бир аптадан азыраак убакыт калды. Канча жаштан тарта шайлоого катышса болот, мурда соттолгондор эмне кылат? Ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

20-августта шайлоого катышууну каалаган партиялар тизмесин аныктап, кийинки төрт күндүн ичинде БШКга тапшыруусу зарыл.

Sputnik редакциясы мыйзамга көз жүгүртүп, талапкерлерге жана партияларга кандай талаптар болорун эске салды.

Парламенттик шайлоонун үгүт иштерине ырчы-чоорчулар катыша албайт. Себеби

Депутаттыкка талапкер:

  • шайлоо күнү талапкер жок дегенде 21 жашка толгон болушу керек;
  • КР жараны болушу зарыл;
  • башка өлкөнүн жараны талапкер боло албайт;
  • бир киши бир гана партиянын тизмесине киргизилет;
  • соттун чечими менен акылынан ажыраган, ойлонууга жөндөмсүз деп табылган жарандар жана кылмыш жоопкерчилигин өтөп жаткан адамдар шайлоого катыша албайт;
  • мурда соттолгон болсо, жаза мөөнөтүн өтөп бүтүшү зарыл.

Тизмеге карата талаптар:

  • талапкерлердин жалпы саны 75тен көп, 200дөн аз болушу керек;
  • бир жыныстагы талапкерлер 70 пайыздан көп болбошу керек, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу зарыл;
  • 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
  • ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши шарт;
  • кеминде 2 талапкер ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан болуусу, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Эске салсак, тизмени БШК карап чыгып, аны кабыл алууга же баш тартууга укуктуу.

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

Талапкерлиги коюлгандан баштап шайлоонун жыйынтыгы чыккыча жаран төмөндөгү учурларда ишмердүүлүгүн токтотуусу зарыл:

  • мамлекеттик кызматкер (ЖК депутаты же президент болбосо);
  • муниципалдык кызматкер (жергиликтүү кеңештин депутаты болбосо);
  • мамлекеттик, муниципалдык мекеменин же мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан жогору мекеменин жетекчиси;
  • ЖМК кызматкери;
  • бир партия 65тен көп мандат ала албайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрь күнү өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирген, бирок бир нечеси эмитен эле өз ыктыяры менен баш тартууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0