Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Жээнбеков 13 судьяны дайындоого макул болуп, бирөөнү жаратпай койду. Тизме

435
(жаңыланган 12:48 15.08.2020)
Президенттин атына өлкөнүн жергиликтүү сотторуна судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 13 талапкер боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө 14 талапкер боюнча сунуш түшкөнү айтылат. Алардын ичинде Нарын облустук соту, Жалал-Абад жана Ош шаардык сотторундагы бош кызмат орундарына бирден талапкер, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна тогуз талапкер, ошондой эле КР Конституциясында каралган ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна бирден талапкер көрсөтүлгөн.

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

Жээнбеков 13 талапкер боюнча макулдугун берип, кошумча маалыматтарды жана пикирлерди эске алуу менен бир талапкер боюнча сунушту артка кайтарган.

Судьяларды дайындоо боюнча президенттин бир нече Жарлыгы чыкты.

Биринчи Жарлык менен Мамасадык Жапаров (Ош шаардык сотуна) жана Миран Шерматов (Жалал-Абад шаардык сотуна) 5 жылдык мөөнөткө биринчи жолу жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.

Кийинки жарлыктар менен тандалып алынган 11 судья жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна жаш курагы чегине чейинки мөөнөткө дайындалып, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

  • Чыңгыз Адамкулов.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна:

  • Дамира Орозова.

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:

  • Жылдыз Ибраимова;
  • Алмаз Касымбеков;
  • Гүлзат Саадабаева;
  • Гүлмира Саргалдакова;
  • Жыпар Сабырова;
  • Асел Смаилова;
  • Гаухар Тургунбекова;
  • Санжар Чотонов;
  • Галина Шин.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

435
Белгилер:
жарлык, кызмат, Сооронбай Жээнбеков, сунуш, сот
Тема боюнча
Кароолкананы талкалай сүзгөн айдоочунун ишин судья Айбек Эрнис уулу токтотту
Бишкектин Биринчи май райондук сотуна 9 судья дайындалды. Тизме
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
Каршылык акциясын мүчөлөрү. Архив

Бүгүн да Конституцияны өзгөртүүгө каршы жүрүш болду. Видео

74
(жаңыланган 14:48 29.11.2020)
Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө каршы жекшембидеги экинчи тынчтык жүрүшү өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук "Ала-Тоо" аянтына келишти. Жүрүштүн алкагында "Референдум өтпөсүн!", "Хандык бийликке жол берилбесин!" деген тариздеги лозунгдарды кыйкырып басышты.

Жүрүштүн видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.

Акцияга жүздөн ашуун адам катышканын байкоого болот. Алар Конституция өзгөртүлсө бийлик бир колго топтолуп каларын белгилешүүдө. Ошондой эле референдум өткөрүүгө караманча каршы болуп жатышат.

Белгилей кетсек, ушундай эле жүрүш мурдагы жекшембиде дагы өткөн болчу.

74
Белгилер:
каршылык, акция, жүрүш, референдум, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы чыккандар борбордук аянтка келишти. Видео
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Үлгүрүш керек... Ооруканада жаткан Камчыбек Ташиев үн катты

1428
(жаңыланган 12:28 29.11.2020)
Ташиев Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Анын диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ооруканада жатат деген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абалы боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Ал ооруканага жатканын жашырганы менен үч күндөн кийин билинип калганын айтып, колдогондорго ыраазычылык айткан.

"Миңдеген адамдар дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем, ырахмат айтам. Эми өзүмдүн диагнозумду билем. Менин өмүрүм кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштеймин, үлгүрүш керек... ", — деп жазган Ташиев.

Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы 26-ноябрда белгилүү болгон. Диагнозу жана ооруканага качан жаткырылганы кабарланган эмес.

1428
Белгилер:
оору, Камчыбек Ташиев, УКМК
Тема боюнча
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү

Аалам кооздугу кадрларда. 14 сүрөткө сыйган космос жаңылыктары

0
  • Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру
  • IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук
  • Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда
  • Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү
  • Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы
  • Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында
  • АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү
  • Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы
  • Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы
  • Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү
  • Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы
  • Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт
  • Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү
  • NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар
Ноябрь башка айлар сыяктуу эле космостук жаңылыктарсыз өткөн жок. Бул сүрөт түрмөк аркылуу алардын негизгисин билип алууну сунуштайбыз.

Бул айда Hubble телескобу менен UGCA 193 Секстант жана UGC 12588 Андромед топ жылдыздарынан LRG-3-817 галактикасын сүрөткө тартууга мүмкүн болду. Ал эми Чилинин телескобу галактикадагы NGC 5236 миңдеген жаңы жылдыздарды кадрга түшүрдү.

Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станциясы менен кошулду. Ал эми Кытай Айды иликтөө үчүн Long March-5 Y5 ракетасын учурду.

0
  • Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру

    Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчковдун ачык космоско чыккан учуру

  • IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук

    IC 4593 топ жылдызындагы планетардык тумандуулук

  • Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда
    © REUTERS / Tingshu Wang

    Long March-5 Y5 ракетасы Айды иликтөө үчүн Кытайдын Вэньчан космодромунан учурулууда

  • Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү

    Багам аралдарынын Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган көрүнүшү

  • Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы

    Андромед топ жылдызындагы UGC 12588 спиралдык галактикасы

  • Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында
    © Photo : NASA

    Crew Dragon космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга кошулуу алдында

  • АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү

    АКШнын Юта штатындагы Жансыз жылкылар паркынын көрүнүшү

  • Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы
    © Photo : NASA

    Эл аралык космостук станциянын бортунан тартылган Сан-Франциско кысыгы

  • Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы

    Жаа формасындагы LRG-3-817 галактикасы

  • Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү

    Эл аралык космостук станциядан Гальб-эр-Ришат сруктурасынын көрүнүшү

  • Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы

    Сексанта топ жылдызындагы UGCA 193 галактикасы

  • Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт

    Эл аралык космостук станцияда иштегендер Москваны ушинтип көрүшөт

  • Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү

    Космостук станциядан тартылган Айдын күрүнүшү

  • NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар
    © Photo : ESO/TIMER survey

    NGC 5236 галактикасындагы миңдеген жаңы жылдыздар

Белгилер:
ракета, Эл аралык космос станциясы, Сүрөт, ай, космос, галактика
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат