Өзгөндүн акими Ош облус башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба райадминистрации Узгенского районаАким Узгенского района Бактыбек Алайчиев
Аким Узгенского района Бактыбек Алайчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызматка дайындалган Алайчиев буга чейин Өзгөн районунун акиминин орун басары, кийин аким болуп эмгектенип жүргөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Бактыбек Алайчиев дайындалды. Бул туурасында облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Ал 2018-жылдын июль айынан бери Өзгөн районунун акими болуп иштеп келген. Ага чейин акимдин орун басары болуп бир жыл иштеген.

55 жаштагы Бактыбек Алайчиев Ош шаарында туулган. Бишкекте Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда агроном адистиги боюнча билим алган.

Ош облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Эртең жамаатка тааныштырылат

Райондук администрацияга келгенге чейин Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө бир катар кызматтарды аркалап, айыл өкмөт башчы, айылдык кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Өмүр таржымалында 2013-2017-жылдары жеке ишкерлик менен алектенип жүргөнү жазылган.

Өкмөттүн Ош облусунун өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов облус башчысы болуп дайындалгандыктан анын орду бош турган. Ал эми жетекчи Узарбек Жылкыбаев 8-августта өз каалоосу менен кызматын тапшырып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0