Өзгөн районун Болот Дыйканбаев жетектемей болду

Жазылуу
Жаңы кызматка дайындалган Дыйканбаев эки жылдан бери Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Өзгөн районунун акими болуп Болот Дыйканбаев дайындалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына өзү тастыктап берди.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 19-август күнү, жаңы дайындалган акимди райондун активине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов тааныштырат.

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди

Болот Дыйканбаев 2018-жылдан бери Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген. Көк бөрү федерациясынын Ош облусу боюнча координатору.

Ал эми Өзгөн районунун мурдагы акими Бактыбек Алайчиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0