Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архивдик сүрөт

"Торугарт", карыз, жардам... Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши менен сүйлөштү

270
(жаңыланган 18:28 19.08.2020)
Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка байланыштуу бир топ маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин тез арада жандантуу маселесин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери таркуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, министр Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара пунктунун ишин жаңылоодон тышкары кыргыз-кытай биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытай адистеринин келишин дагы талкуулашты.

Айдарбеков менен Лавров туруктуу авиакаттамдарды жандантууну сүйлөшүштү

Ошондой эле коронавирустук инфекциянын макроэкономикага тийгизген терс таасиринен улам Айдарбеков Ван Иге тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиргени айтылат маалыматта.

Сөзүнүн аягында Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанда олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарапка ыраазычылык айткан.

270
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, Чыңгыз Айдарбеков, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү
Кытай коронавирусту жайылтып жиберди деп айыптаган АКШга жооп берди
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

2
(жаңыланган 20:42 22.10.2020)
Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

2
Белгилер:
Станислав Зась, жолугушуу, ТИМ, Руслан Казакбаев, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады
Шайлоо учурунда киши добуш берип жатат. Архив

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

167
(жаңыланган 20:23 22.10.2020)
Бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо алты айдын аралыгында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси карала элек, ал учурдагы конституция боюнча январь айында өтөт. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

"Биз бүгүн парламенттик шайлоонун гана мөөнөтүн жылдырдык. Президенттик шайлоо азыркы мыйзамдар боюнча үч айдын аралыгында, 10-январда же ошого жакын датада өтүшү керек. Бирок бүгүн кабыл алган мыйзам менен Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылды", — деди Жапаров.

Депутат эгер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтө турган болсо, анын датасы президенттик шайлоодон мурун белгилениши керектигин кошумчалады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Ал ошондой эле жоопкерчиликти бир адамга берүү максатында алдыда элге парламенттик же президенттик башкарууга өтүү тандоосу коюлушу мүмкүндүгүн айтты.

167
Белгилер:
президенттик шайлоо, референдум, Акылбек Жапаров
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды
Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды