Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев. Архивдик сүрөт

Жээнбеков иш башкаруучусу менен ЖКдагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

233
(жаңыланган 23:12 21.08.2020)
Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ушул тапта шайлоого катыша турган партиялар БШКнын каттоосунан өтүп, тизмесин даярдоодо.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев менен өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин ыйгарым укуктары токтотулганын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө буйруктарга президент "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Бекбоев менен Дыйканбаевдин берген арыздарынын негизинде кол койгону айтылат.

Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан бошотулду

Экөө тең кызматтан 2020-жылдын 21-августунан тартып шайлоонун натыйжасы аныкталганга чейин четтетилди.

233
Белгилер:
өкмөт, президент, Сооронбай Жээнбеков, кызмат, шайлоо
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан бошотулду
Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архивдик сүрөт

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

18
(жаңыланган 17:07 22.09.2020)
Лавровдун айтымында, БУУ системасындагы негизги органдар мандаттарынын маанисин жоготпошу керек жана бири-биринин ыйгарым укуктарын кайталабашы шарт.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дүйнө пикир келишпестиктен, талашып-тартышуудан тажады деди Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында ЖККУнун атынан жасаган кайрылуусу учурунда.

"Бүгүн, тилекке каршы, дүйнөнүн ар кыл аймактарында куралдуу чатак басылбай келет. Ага учурдагы замандын көйгөйлүү кооптуулуктары — эл аралык террорчулук, баңги жана кибер кылмыштуулук, климаттын өзгөрүшү кошул-ташыл болду. Быйыл аталган тизмеге дагы бир кооптуулук — коронавирус падемиясы кошулуп, социалдык-экономикалык жана башка тармакта олуттуу кризистик көрүнүштөрдү козгоду", — деди дипломат.

Анын айтымына караганда, глобалдык көйгөйлөргө реакция жасоо улам өсүп бара жаткан ажырымда жыл өткөн сайын татаал болуп бара жатат. Лавров мындай абал бир катар мамлекеттердин башка өлкөлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыгы менен эсептешүүнүн каалабагандыгы менен байланыштуу экендигин кошумчалады.

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

Ал дагы бир маанилүү жагдайга токтолду.

"Тарыхтын өзүнүн нугун жолунан чыгарууга болбойт. Бүгүн эл аралык аренада экономикалык өсүштүн жаңы борборлору бекемделүүдө, куралдуу чатакты тынчтык каражаттары менен жөнгө салуу зарылдыгы күчөп турат, бири-биринен көз каранды болуу артып бара жатат. Дүйнө ажырымдан, мамлекеттин "өз" жана "өзгө" деп бөлүүсүнөн чарчады. Дүйнө кызматташуу менен бири-бирине ар тараптуу жардам берүүнү талап кылууда. Башка сөз менен айтканда, 75 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму түптөлгөндөгү максат улам актуалдуу болуп бара жатат", — деп эсептейт министр.

Лавров тарыхты кайрадан карап чыгуу, фашизмди жеңүүгө салым кошкон элдин ролун төмөндөтүүнү тантыгандык деп атады. Ал өткөндүн сабагын жана жоокер бошотуучуларды эстеп, аларга тургузулган эстеликтерди сактоону камсыз кылууга чакырды.

Россия ТИМ жетекчисинин айтымында, учурдун шартында БУУ өзүнүн уставы менен жолго салынган ишти алып барган, майнаптуу түзүм катары калышы керек. БУУ системасындагы негизги органдар мандаттарынын маанисин жоготпошу зарыл жана бири-биринин ыйгарым укуктарын кайталабашы шарт.

Лавров дүйнө коомчулугунун башкы милдеттеринин бири деп чатактарды эл аралык укуктук нормалардын негизинде сүйлөшүп, тынчтык, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи. Талашсыз, биринчи орундагы нерсе — террорчулукка жана анын уюшкан кылмыштуу топ менен биригип кетишине каршы кеңейтилген масштабдагы күрөш болушу керек.

Лавров: каатчылыкты чечүүдө БУУ сыяктуу уюмдарга мүчөлүгүбүздү пайдаланабыз

Министр куралданууга көзөмөл кылган системаны алсыратууга, куралсызданууга аракет кылгандарга бөгөт коюуга чакырды. Буга глобалдык туруктуулукту колдоо далалатын таратпагандарды кошту.

18
Белгилер:
тынчтык, куралдуу кагылыш, Сергей Лавров, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

179
(жаңыланган 09:26 22.09.2020)
Жээнбеков чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигин айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.

Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.

"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.

Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.

БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы

Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.

Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.

"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.

Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?

БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).

Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.

179
Белгилер:
мүчө, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан, Бириккен Улуттар Уюму
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук. Архивдик сүрөт

КР РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

0
(жаңыланган 17:29 22.09.2020)
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, иш-чара
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео