БШК мүчөсү Назарали Арипов кызматынан кетти

© Фото / пресс-служба ЖК Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Назарали Арипов. Архив
 Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Назарали Арипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Арипов буга чейин бирге иштешкен кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Назарали Арипов кызматынан өз каалоосу менен кетерин билдирип, ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Арипов парламенттик шайлоого катышуу үчүн ушундай кадамга барган. БШКнын бүгүнкү отурумунда ал бирге иштешкен кесиптештерине ыраазычылык билдирген.

Өмүрбек Субаналиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Белгилеп кетсек, Арипов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болгон. 2016-жылдын июнь айынан бери БШКга мүчө болуп иштеп келе жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0