Жогорку Кеңеш. Архив

Шайлоо: 5 миллион сомдон күрөө төккөн 16 партия белгилүү болду. Тизме

9563
(жаңыланган 23:52 24.08.2020)
Буга чейин БШКга талапкерлердин тизмесин 17 партия тапшырса, анын ичинен бирөө 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн анын күрөөсүн төккөн 16 партиянын тизмеси жарыяланды. Маалыматты Sputnik агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясы жиберди.

Эске салсак, буга чейин БШКга талапкерлердин тизмесин 17 партия тапшырса, анын ичинен бирөө 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок болуп чыккан. Натыйжада 16 партия тиешелүү талаптарды так аткарган.

  1. "Кыргызстан";
  2. "Биримдик";
  3. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы";
  4. "Бир бол";
  5. "Республика";
  6. "Ата Мекен";
  7. "Мекенчил";
  8. "Мекеним Кыргызстан";
  9. "Замандаш";
  10. "Социал-демократтар";
  11. "Реформа";
  12. "Чоң казат";
  13. "Ыйман нуру";
  14. "Ордо";
  15. "Бүтүн Кыргызстан";
  16. "Мекен ынтымагы".

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышпайт деген сөздөр тараган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Sputnik агенттигине партиянын айрым документтери жетпей калганын, бирок мыйзам боюнча аны толуктаганга убактысы бар экендигин билдирди.

"Кыргызстан" партиясынын документ тапшырганы журналга түшүрүлгөн. Эң акыркы келип тапшырышкан. Айрым документтери толук эмес экен. Мыйзам боюнча, документтер бир күндүн ичинде каралат. Эгер кагаздар толук эмес болсо, артка кайтарабыз, ал эки күндүн ичинде толукталышы керек. Ошондой эле каттоо боюнча чечимди комиссия кабыл алат.  Маселен, 8-12 добуш алса, партия каттоодон өтөт", — деди Осмоналиев.

Алдыда эмне болот? Шайлоонун орчундуу даталары жана этаптары тууралуу маалымат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынат жана шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.

9563
Белгилер:
тизме, саясый партия, күрөө, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020 (252)
Тема боюнча
Мелис Турганбаев менен Аида Исмаилова кызматынан четтетилди
Алдыда эмне болот? Шайлоонун орчундуу даталары жана этаптары тууралуу маалымат
Эл аралык валюталык фондунун имараты. Архив

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

67
(жаңыланган 00:00 22.10.2020)
Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, ири улуттук каржылык уюму Covid-19 пандемиясынын шылтоосу менен 1944-жылга кайтууга же кеминде эле 1944-жылды кайталагысы бар.

Эпидемиянын экономикалык жана гуманитардык кесепеттерин жеңүүгө дүйнөгө көмөкчү болуу туурасындагы МВФ жетекчисинин бул бийик сөздөрүнүн төркүнү башка чоң нерседе көрүнөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бедели өтө төмөн каржылык структуранын гуманисттик ойлоруна бул вашингтондук уюмдун кезектеги карыздары "экономиканы көтөрүү үчүн МВФтин талаптарын" аткаруу үчүн социалдык программаларын кыскартып, мамлекеттик ишканаларын арзыбаган баага сатканын эч качан көрбөгөн киши гана ынанышы мүмкүн. Аталган финансылык уюм тууралуу Иван Данилов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы кредитору (маңызында "планетанын башкы Шейлогу") дагы да баягы эле "глобализм" версиясын жайылтууга багытталат. Аны кандай жагдайда болбосун адилеттүү деп атоого болбойт.

Эгер Covid-19 эпидемиясынын башында батыш маалымат каражаттары жана серепчилери глобализм версиясындагы жашоо үчүн тынчсызданып, деглобализациядан чочулашса, азыр "негизги Шейлок" өзүнө дагы бир Бреттон-Вуд конференциясы керектигин айтып, башкача айтканда, 1944-жылы фонддун түзүлүшүнөн берки схема эпидемиянын курмандыгы болгонун, кызуусунда жаңы, жакшыртылган версиясын тезинен дүйнөгө жайылтууну көздөөдө.

Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева Андорра фондунун киришине арналган расмий билдирүүсүндө тарыхый учур келгенин белгиледи.

"Биз 190-мүчөбүз катары Андорраны күтүп турганыбызда МВФтин иши адамзаттын бир туугандыкка негизделген кызматташтык жана шериктештигинин баалуулуктарынын күбөсү болуп саналат.

Бүгүн биздин алдыбызда жаңы бреттон-вуд "учуру" турат. Миллиондон ашуун өмүрдү алып кеткен пандемия. Дүйнөлүк экономиканы 4,4%га кыскартып, келерки жылы өндүрүштү 11 триллион долларга кыскартууга алып келе турган экономикалык катастрофа. Адамзат он жылдардан берки ири кыйроо жана улам тереңдеп бара жаткан жакырчылык менен бет келди. Кайрадан биз эки ири милдетти аткарууга: каатчылык менен бүгүн күрөшүп, мыкты келечекти түзүүгө тийишпиз", – деди ал өз сөзүндө.

Американын вакцинага акчасы жеткен жок

1944-жылдагы конференциядан анык эмес бир эпизодду эске салып коюу дурус. Ал конференцияда ар кандай өлкөлөрдүн 44 өкүлү Эл аралык валюталык фонддун уставына кол койгон. Конференцияга чакырылган советтик дипломаттар глобалдык фонд-кредитордун сунушталган иш эрежелери менен таанышкан соң кетип калышкан. Уюштуруучуларга да алар жаңы структура "Уолл-стриттин эле филиалы" болот деп айтышкан. Алардын айтканындай эле болду. "Бреттон-Вудс 2.0" деле ошол эле принциптер менен иш алып барат дегенге негиз бар. Мисалы, МВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү эпидемия жүрүп жаткан убакта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алган карыздардын тунуктугу үчүн түйшөлөт. МВФ бүгүн эмнени сунуштап турат: "Биз карыздардын ачыктыгына умтулуп, кредиторлордун координациясын күчөтүүгө умтулуубуз зарыл. "Чоң жыйырманын (G20)" "Суверендүү карызды жөнгө салуунун жалпы негиздери" жаатындагы дискуссиясы, ошондой эле суверендүү карызды, анын ичинде жеке тармакты да катыштыруу менен жөнгө салуунун түзүлүшүн жакшыртууга чакырыгыбыз бизди шыктандырат. Биз мүчө өлкөлөрүбүз менен биргеликте алардын саясатын колдойбуз".

Сыртынан жакшы эле, бирок америкалыктардын "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүлүштү сактоо" дегени "Россия Крымды кайтарууга тийиш", ал эми "карыздын ачыктыгы" дегени бул Кытайга тиешелүү.

Февралда эле япониялык экономикалык Quartz басылмасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кытай таасири менен МВФ жана Дүйнөлүк банктын күрөшү туурасында жазган.

Ири кредитор болуп саналбаса да, африкалык өлкөлөрдө капиталдын таасирдүү булагына айланган Кытайдын таасирине МВФ жана Дүйнөлүк банк тынчсызданат. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасстын айтымында, көйгөй ачыктыктын жоктугунда. "Жаңы кредиторлордун айрымдары Париж клубуна кирбейт, менимче, бул туурасында айтканыбызда адамдар муну Кытай деп түшүнүүгө тийиш", – деген эле Малпасс. "Алар (кытайлык структуралар – авт. тактоосу) насыялоонун көлөмүн кеңейтишти. Бул кайсы бир мааниде жакшы. Бирок алар түзгөн контрактта жарыялабоо туурасында пункт камтылат. Бул Дүйнөлүк банк же жеке секторго келишимдин шарттары кандай экенин көрүүгө тыюу салат". Карызды кечүү маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытайдын өзү менен эмес, МВФ жана Батыш өлкөлөрүнүн катышуусунда көп тараптуу форматтын алкагында чечилген.

Жаңы дүйнөлүк каржылык бир туугандыкты куруу аракети Пекин абдан жолтоо болуп жаткан колониалдык эмес схеманы кандай жол менен болсо да коргоп калуу далалатындай туюлат.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

МВФ жаркын келечек түзүүгө ниеттенген дагы бир принцип россиялык экономикалык коопсуздук жана бюджетине түз коркунуч туудурат. "Пандемия көрсөткөндөй, биз эми саламаттык сактоо тармагындагы алдын ала көрүлчү чараларды, климаттын өзгөрүшүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени ал макродеңгээлде чечүүчү мааниге ээ жана өсүү, өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Бул адам жана планета үчүн да абдан кооптуу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашыл инвестициялар менен көмүртектин жогорку баасынын туура айкалышында 2050-жылдары экологиялык, миллиондогон жумуш орду түзүлгөн дүйнө курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Төмөн пайыздык чен менен салынган туура инвестициялар эртеңки күнү төрт эсе дивиденд алып келиши мүмкүн. Болочоктогу чыгымдарды жоюп, экономикалык кирешени өбөлгөлөп, өмүрлөрдү сактап, жалпыга социалдык жана экологиялык пайда алып келиши ыктымал.

Иш жүзүндө бул Батыш өлкөлөрү технологиялык прогресстин жыйынтыктары менен 150 жыл жыргап, ал эми калган дүйнө "климатты өзгөртүү" деген ураан алдында түбөлүк жакырчылыкка тушугушу мүмкүн. Анткени бул маңызында арзан электр кубатын, жеткиликтүү баадагы бензин, кышкысын жетиштүү баада жылуулук жана жөнөкөй эле үзгүлтүксүз электр кубаты менен жабдууга тыюуну туюндурат.

Жашыл энергетика түзгөн жумуш орундары — бул эл аралык чиновник, экологиялык активисттер жана жашыл энергетикадагы европалык жана америкалык компаниялардын акционерлери. Булар мамлекет жана керектөөчүлөрдүн эсебинен өз өндүрүмдөрүн жогорулатылган баада таңуулап сата алышат.

МВФтин жетекчиси айткан "көмүртектин жогору баасы" Евробиримдик улам Россияга каршы киргизери менен опузалап келген "көмүртек тарифинин" эле кабары.

Россияга каршы көмүртек тарифтери киргизилсе, РФтин экспортчулары (социалдык программалары менен бирге россиялык бюджет да) жылына ондогон миллиард долларды жоготот, бирок Грета Тунбергдин күйөрмандары жана жашыл экономиканын тарапташтары бакытка бөлөнүшөт.

МВФ сүрөттөп жаткан жаркын келечек — эзоп тили менен жазылган антиутопия, экология — бул жакырчылык, транспаренттүүлүк (тунуктук) — бул Вашингтон менен МВФке баш ийүү.

"Бреттон-Вудс 2.0" үчүн эмес, тескерисинче, 1944-жылы АКШда түптөлгөн ушул глобалдык желмогузду түп-тамырынан жоготуу үчүн биз чындап тарыхый учурдун алдында турабыз.

67
Белгилер:
уюм, финансы, Россия, АКШ, Эл аралык валюта фондусу
Тема боюнча
Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"
Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине талапкер Тилек Токтогазиев. Архив

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

666
(жаңыланган 19:26 21.10.2020)
Токтогазиевдин талапкерлиги бул кызматка былтыр дагы көрсөтүлүп, коомчулуктан колдоо тапкан. Бирок анда өкмөт сунушту четке кагып койгон.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Парламент айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин кароо учурунда кээ бир эл өкүлдөрү буга чейин мамлекеттик кызматта иштебегенин сынга алышты. Бирок башкалары анын менеджерлик сапатын белгилеп, жаштыгына жана дилгирлигине маани беришти.

Токтогазиев суроолорго жооп берип жатып аны министрлик кызматка премьер-министр Садыр Жапаров өзү чакырганын айтты.

Натыйжада анын талапкерлигин депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти.

Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган. Шайлоодон кийинки башалмандык учурунда "Ала-Тоо" аянтында башына таш тийип, ооруканага түшкөн.

Аялы үчүн бай болуп, журналистти коркутуп... Тилек Токтогазиев тууралуу 9 факты

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кеткен. Ал өлкөнүн айыл чарба тармагын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

Андан мурунку министр Нурбек Мурашев кызматтан алынгандан кийин да бул кызматка Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин көрсөтүп, реформа жүргүзүү убадасы менен коомчулуктан колдоо тапкан. Жаш талапкерди "Бир Бол" фракциясы да колдоп, өкмөт башчыга сунуштаган болчу. Бирок өкмөт тажрыйбасы жетишсиз деп сунушту четке кагып, Чодуевди алып келген. Эми минтип кайра Токтогазиев дайындалууда.

666
Белгилер:
дайындоо, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Парламент Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып бекитти
Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот