Ысык-Көл районуна жаңы жетекчи орун басары менен кошо дайындалды

Жазылуу
Райондун буга чейинки жетекчиси Данир Иманалиев парламенттик шайлоого катышарын билдирип, кызмат ордун бошоткон.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районуна жаңы аким жана анын орун басары дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Райондун буга чейинки жетекчиси Данир Иманалиев парламенттик шайлоого катышарын билдирип, кызмат ордун бошоткон.

Министр Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

Аким болуп Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сарбагышев дайындалды. Ал буга чейин район акиминин орун басары болуп дагы эмгектенген.

Ал эми Бостери айыл өкмөтүн жетектеген Алмаз Жамангулов акимдин орун басары болуп иштемей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0